15-июлда жекшембиде өткөрүлгөн Биринчи май райондук сотунун чукул жыйыны ушундай адилет чечим чыгарды, деп билдирди ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев. Анын айтымында, 13-июлда кечки 17де Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери жыйырмага чукул жеңил автоунаа менен анын үйүнө барышып, дарбазасын сындырып киришкен. Алар Эгембердиевди күч менен алып барып камоого аракет кылышкан. Бирок анын кан басымы көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу адвокатынын жана үйбүлөсүнүн кийлигишүүсү менен №1 Фучик ооруканасына жаткырылган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жума күнү Эгембердиев кармалганын, ага ири өлчөмдөгү бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз жок кылгандыгы жана кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголгондугун маалымдаган. (AJ)
11:00 1-Май райсоту Башкы прокуратурага Ө. Эгембердиевди камакка алууга санкция берген жок