“Перемена” инновациялык билим берүү коомдук кору Европа Комиссиясынын колдоосу астында “Укуктук агартуудан балдардын укугун коргонго чейин” аттуу долбоорго ылайык жер-жерлердеги жаштар уюмдары жана топтору жазган долбоорлорду сынак аркылуу тандап алды. Эми жеңүүчүлөр адам укугу боюнча жайкы мектепке катышышат. Мектептин программасында адам укугунун сакталышынын эл аралык жана ички эрежелери, социалдык долбоорлоштуруу тууралуу темалар каралган жана дарстарды адам укугу боюнча серепчилер, журналисттер жана бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү окушмакчы. (EBM)