Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

16:15 Жыпаргүл Арыкованын абалы күндөн күнгө начарлоодо


Бул тууралуу анын адвокаты Айжан Касымалиева бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Сот бул маселе боюнча жума күнү карашы мүмкүн. Ал ошондой эле Арыкованын баш коргоо чарасына депутаттар Дооронбек Садырбаев Рахат Рысалиевден башка депутаттардын кепилдик беришин күтүп жатканын белгиледи. Адвокат ишемби күнү камактагы Жыпаргүл Арыкова менен жолугушканын, анын ден соолугу күндөн күнгө начарлап баратканын маалымдады. Жыпаргүл Арыкова 19-июнда улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин кызматкерлери тарабынан кармалып, ага мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG