Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

ПРАГАДА СОВЕТТИК ЖООКЕРДИН КӨРҮСТӨНҮ КАРАКТАЛДЫ


Назгүл Кошоев, Прага Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чехиянын борбору Прагада түбөлүк жай тапкан советтик аскерлердин көрүстөнүнөн акыркы эки ай ичинде 48 коло белги уурдалыптыр. Бул кылмыш советтик аскерлер көрүстөнү ачылгандан берки эң чоң кыянат иш болуп калды. Чехиянын полициясы тергөө иштерин баштаса да байкоочулар каракчылар табылаарынан үмүт аз дешет.

Орусия өкмөтү Прагадагы советтик аскерлердин мүрзөсүнөн 48 көрүстөндүн коло жазуусу уурдалганына байланыштуу Чехиянын бийликтерине ырасмий түрдө нааразылык билдирди.

- Биз Праганын тийиштүү органдары тергөө иштерин колго алып, каракчыларды таап, эстеликтердин белгилерин ордуна койот деп күтөбүз, - деп белгиледи Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Зузана Оплеталова.

Прагадагы Олшанск көрүстөнү - Чехияны нацистерден бошоткон совет жоокерлери коюлган жай, ал жердеги кыянатчылык иштер 9-июлда билинди. Полициянын айтымында коло табличкаларда Кызыл Армиянын белгилери да болгон. Эки айдын ичинде бул үчүнчү кыянат иш болуптур, ушуну менен 429 мүрзөнүн 102 кордоого туш болду. Ушул каракчы-көркоолордун айынан бир миллион чех кронасына тете зыян келтирилди, ал эми каракчылар коло белгилерди сатабыз дешсе ар бири үчүн ашып кетсе 400 крона, же 20 доллардай акча алат экен.

Советтик жоокерлерге арналган эстеликтин жанында бири-бирине окшош барельефтер орнотулган, анда советтик жылдыз, чырмалган желектер жана мылтык тартылган. Көрүстөндү тазалап, көз салуу иши жакшы жолго коюлган. Бул эле эмес, Чехиядагы советтик жоокерлердин бардык 3 миң көрүстөнүнө камкордук көрүү иши колго алынган. 7 жыл мурда Орусия менен Чехиянын ортосунда, “Согуш көрүстөндөрүн коргоо” тууралуу эки тараптуу келишим кабыл алынган.

Прага полициясынын айтымында, барельефтер буга чейин да уурдалган, бирок өткөн май айында эле дагы он бири жок болгон.

Бул каракчылыкты токтотуу үчүн видео коргоо системасын орнотуу сунуш кылынган, бирок ал үчүн кошумча электр зымдарын тартуу керек болот. “Славин” деген көрүстөндө полиция үч видеокамера орноткон болчу, бул көрүстөндө атактуу чех актерлорунун, жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн бейиттери бар. Акыркы жылдарда алар да ондон ашуун ирет тонолуп, каракталыптыр. Адегенде кичинекей эле белгилер урдалган экен, 2006-жылы чех диссиденткасы Милада Горакованын коло эстелиги түп орду менен жок болду.

Полициянын маалыматында Олшанск көрүстөнүнө кошумча видеокамералар орнотконго азырынча мүмкүнчүлүк жоктугу айтылат. Анткени көрүстөн абдан чоң территорияда турат, кээ бир жеринде жарыгы да жок, ошол үчүн биринчиден жарыкты өткөрүп, анан кошумча коргоо системаларын орнотуш керек экен.

Бул окуя жөнүндө биз Кыргызстандын Ардагерлер Уюмунун жетекчиси Тарас Алиевич Токомбаев менен байланыштык.

- Бул төбө чачты тик тургузган шумдуктуу окуя, кылмышты жасагандар эч нерсени урматтап сыйлабаган макулуктар. Мени кечиресиз, бу кыянат жөнүндө укканымда абдан ачууландым. Эми биз совет убактысында өскөн кишилербиз да, кичинекейбизден бери бизди бир туугандыкты, элди урматтаганды үйрөткөн, ошонун ичине Чехия да кирген. Айткандай, баардыгыбыз бир социалдык көгөндө болгонбуз. Советтик жоокерлер бул өлкөлөрдү бошотуш үчүн өз канын төгүштү. Ошол бошотулган элдердин баары совет армиясына абдан ыраазы болушкан, советтик жоокер дешкен, жалаң орустар эмес да, алардын ичинде 350 миң кыргызстандыктар бар болчу. Мен ойлогондой, ошол жакта алардын мүрзөлөрү сөзсүз бар. Ошондуктан бул кыянат жөнүндө билгенде мен абдан нааразы болдум. Чехтерден мен андайды күткөн эмесмин. Бирок бул идеология же саясат эмес, бул жанагы биздикиндей эле мыкаачылар. Коло белгилерди уурдаган, акчага саткан акмактар. Меним оюм ушул. Муну эл кылбады, эл, меним оюмча,аларды коргойт.

Чехияда жыл сайын түстү металлды уурдоого байланыштуу 2000 дей кылмыш катталат. Андай кыянат ишти жасагандарды кармап жазалоо - дээрлик мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG