Иранда ала жипти аттагандарды таш менен уруп өлтүрүү жазасы каралган. Мына ушул жобонун негизинде Жафар Киани 5-июлда өлкөнүн түндүгүндөгү алыскы айылда таш бараңга алынып өлтүрүлгөн эле. Киани буга чейин ала жипти аттаганы үчүн кесилип, 11 жыл түрмөдө отурган экен.
Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча баш өкүлү Луиз Арбор Кианинин өлтүрүлүшүн "эл аралык мыйзамды ачыктан ачык бузган окуя" деп мүнөздөдү. Арбор Иранды Киандын партнеру, азыр эки баласы менен түрмөдө отурган Мокарамае Эбрахимини таш бараңга алууга жол бербөөгө чакырды.
Ирандагы белгилүү диссидент молдо Кинанинин таш бараңга алынышы исламдык жоболорго каршы келээрин айтууда. Фарда радиосуна факс менен жиберген катында Аятолла Хусеин Али Монтазери ала жипти аттагандардын күнөөсүн далилдөө өтө кыйын экендигин белгиледи. Муну жыныстык катнашты өз көзү менен көргөн төрт кишинин көргөзмөсү менен гана далилдөөгө болот. Бирок Мотазери адатта төрт күбө табуу дээрлик мүмкүн эмес экендигин жазат.
Монтазери ошондой эле эгер сот өкүмү Ислам дининин аброюна шек келтире турган болсо, "белгилүү убакта жана белгилүү шартта" ага жол бербеш керек экендигин белгилейт.
Эл аралык жана жергиликтүү кысымдан улам Кианинин өлүм жазасы эки жумага кечигип ишке ашырылды. Анын партнеру Эбрахимини жогорку жазага тартуу кийинкиге калтырылганы маалымдалууда.
Мындан ары таш бараңга алып өлтүрүүгө жол бербөө үчүн укук коргоочулар бул жазаны Ирандын мыйзамдарынан такыр алып салуу керек деп эсептешет. Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, ирандык укук коргоочу Ширин Эбади Фарда радиосуна Кианинин өлүмүнө олуттуу тынчсыздануусун билдирди:
- Биз юстицияга көп жылдардан бери эгер өлүм жазасына таш бараңга алуу менен тартууга каршы экениңер чын болсо, юстиция башчысы эки сүйлөм жазып, парламентке тийешелүү мыйзамдын долбоорун тапшырсын деп айтып келатабыз. Парламент толугу менен ал тарапта болгондуктан, сөзүн эки кылбайт болчу.
Бирок Ирандын юстициясы буга чейин мындай талаптарга көңүл бурган жок. Активисттердин эсебинде, таш бараңга 2002-жылы тыюу салынганы менен, бул жазага кесүү токтогон жок. Ал эми былтыр бир аял, бир киши таш бараң менен өлүм жазасына тартылган.
Кианинин таш бараңга алынышы Фарда радиосунун интернет сайтында да ар кыл талкууга түрткү болду, бирок жазгандардын көбү мындай жаза бүгүнкү заманга шайкеш келбей тургандыгын белгилешүүдө.
11-июлда юстиция тармагынын аты аталбаган өкүлүнө шилтеме берип, Ирандын ИСНА кабар агенттиги юстиция башчысы Шахрудинин буйругуна кайчы чечим чыгарган жергиликтүү соттун иши тергеле тургандыгын кабарлаган эле.
Бирок мындан бир нече күндөн кийин Ирандын адам укуктар комитетитинин башчысы Кианинин таш бараңга алынышын жактырган билдирүү жасады. Мохаммад Жавад Ларижани 15-июлда эл аралык айыптоолорго карабастан, Ирандын юстициясы бул жазаны колдой тургандыгын билдирди.
Жаңыл Жусубжан, Прага