Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

“ГАЗПРОМ” СУЮК ГАЗ БАЗАРЫНДА ЧОҢ САТУУЧУ БОЛУУГА ДАЯРДЫК КӨРҮҮДӨ


Pricewaterhouse Coopers аудитордук компаниясынын эсебинче, 2010- жылы газ базарында сатылган көгүлтүр отундун үчтөн бири суюк газ болот. 2010- жылы суюк газдын эл аралык базардагы үлүшү 60 проценттен ашат. Болочокто суюк газды керектөөнүн өсүшү дүйнөлүк мунай өндүрүшүндөгү жагдайга байланыштуу. Серепчилердин болжомунда, азыркы таскагында кетсе, чукул арада бир баррель кара майдын баасы 80 долларга чыгат. Мындай шартта Россиянын “Газпрому” суюк газдын базарындагы ири оюнчу болууга камданууда.

Суюк газга талаптын өсүүсү жөнүндөгү Pricewaterhouse Coopers аудитордук компаниясынын прогнозун Отун энергиясы боюнча эларалык агенттик да тастыктады. Агенттик жакында жарыяланган докладга караганда, “келерки беш жылда мунайга тартыштык дагы күчөйт” жана “эмки он жылдыкта табигый газдын базарында да тартыштык байкалат”.

Ушундан улам акыркы мезгилде суюк газды ташууга тиешеси бар терминал- кампаларды куруу жана аны ташуучу деңиз кемелерине заказ өсүүдө. Суюк газ жаратылыш газынан айрымаланып, кеме менен ташылат. Аны жеткен жеринде сактоо, суюк абалдан күйүүгө даяр абалына келтирүү үчүн атайын ишканалар болушу абзел.

Баренц деңизи боюнда килейген Штокман газ кору бар Россия да суюк газды ташуу үчүн Япониянын NYK Line команиясы менен бирдикте - төрт, Mitsubishi жана Түштүк Кореянын Daewoo компаниясы менен жарнакташып экиден кеме курдурууда. Жыл башында корейлердин “Хюндайынан” эки кеме сатып алган.
Алардан тышкары чет өлкөлөрдө 45 чакан кеме курулууда. Бул кемелердин заказчысы- “Совкомфлот” компаниясы. Анын директорлор кеңешинин төрагасы- президент Путиндин кеңешчилеринин бири- Игорь Шувалов. Ошентип, Россия жакынкы жылдары суюк газ базарындагы ири оюнчуга айланат. Азыр Россияда суюк газ ташуучу беш гана чоң кемеси бар.

Россия мурда Украина, Грузия, Молдовага, атүгүл союздашы Белоруска жаратылыш газынын баасын кескин көтөрүп, аталаган өлкөлөр Кремлди “энергияны саясый курал катары пайдаланууда” деп айыпташкан. Андыктан, Россия суюк газды Кошмо Штаттары, Канада жана Азия өлкөлөрүнө жеткирүүчү аңгезер кемелерге ээ болгондон кийин, газды саясый буроо катары колдонуу мүмкүнчүлүгү өсөт. Кремль ошондо суюк газды саясый максатына жетүү үчүн да пайдалануудан баш тартпайт, деп жоромолдойт “Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун талдоочусу Роман Купчински.

Берегидей кооптонууга жүйө бар. 2006- жылы Россиянын өкмөттүк “Газпром” компаниясы Кошмо Штаттардагы ири сатуучу болуу ниетин жарыялаган. “Газпромдун” мерчеми боюнча, ал 2010- жылга АКШ базарынын 10 процентин, ал эми 2020-жылы 20 процентин ээлеш керек. Россия ошол эле учурда Штокман газ кенин өздөштүрүүдөн АКШлык компанияны чыгарып салды. Атүгүл, Штокман кенинде өндүрүлгөн суюк газ башта пландалгандай Кошмо Штаттарга эмес, Европага сатылат деп билдирди. Бирок, эмне себептен АКШга Штокмандын газы сатылбай турганын “Газпром” адатынча маалымдаган жок.

Анын себебин айрым серепчилер АКШлык ырасмий адамдардын Россияны катуу сындаганы менен түшүндүрүштү.

XS
SM
MD
LG