Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

16:55 Кумтөр маселеси боюнча бүгүнкү сүйлөшүүдө эч кандай жыйынтык чыгарылган жок


«Кумтөр» алтын кени боюнча келишимди кайра карап чыгуу тууралуу канадалык «Камеко» компаниясы менен эксперттик топтун сүйлөшүүсү дагы улантылат. Бул тууралуу каржы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Кечээ премьер-министр Алмазбек Атамбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, эксперттик топ, парламент мүчөлөрү жана “Камеконун” жетекчиси Лен Хоменюк баштаган делегация жабык эшик артында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундун баштаган. Кыргыз тарап “Камеко” менен 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну көздөөдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG