Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:21

ӨСҮШ ДУРУС, ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖЫЛ АЯГЫНДА ЧЫГАТ


Быйыл жарым жылдыктын экономикалык көрсөткүчтөрү жылдагыга салыштырмалуу кыйла дурус чыкканы байма-бай айтылууда. Ички дүң продуктунун 7% жакынын түзгөн айтылуу “Кумтөр” алтын кенин эсепке албаганда өсүш 11%, аны кошкондо 9,2% түздү. Анткен менен жарым жылдыкта сыртка товар ташып чыгуу менен сырттан товар ташып кирүүнүн ортосунда бу жылы деле олчойгон айырма чыкты.

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Марат Алапаевдин ырасташынча, ички дүң продукт жарым жылдыкта былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла дурус өнүктү.

- Ички дүң продукттун өсүшү алты ай ичинде 9,2% чыкты. «Кумтөрдү»эсептебегендеги өсүш 11% ашты.

Анткен менен Кыргызстан экономикасынын аялуу «жарасы» - сыртка товар ташып чыгарууга караганда сырттан товар ташып келүүнүн ортосундагы олчойгон айырма бул жылы деле сакталууда. Ал айырма 456 миллион долларды түзөт.

Улуттук банк төрагасы тышкы карыздар мурдагысындай эле 2 миллиард доллардан түшпөй, Кыргызстан экономикасына оорчулугун салып турганын ырастады. Өкмөт тышкы карыздарды жоюунун бир амалы катары улуттук эсеп ачып, ага көңүлү келген жарандардан акча кабыл алынары айтылган. М.Алапаев азырынча өкмөт колдогон элдик демилгенин капчыгы бош экенин маалымдады.

- Айтып кетсек, тышкы карыздарыбыз көп деле өзгөрүлгөн жок, мурдагы эле 2 миллиарддын тегерегиндеги сандар болуп жатат. Силер билесиңер, өкмөт улуттук жана тышкы карыздарды төлөө боюнча Улуттук банкта атайын эсеп ачкан. Ал эсепке буга чейин 5 миң сом бир эле жерден – Саламаттык сактоо министрлигининин жамаатынан эле түштү. Доллар боюнча эсепке бир тыйын да түшө элек.

Быйыл Кыргызстандын бюджетинин чыгаша жагы бир миллиард долларга бираз жете бербеген акчаны түзөт. Бирок анын кыйласы реалдуу экономиканы көтөрмөлөөгө караганда, толгон-токой социалдык проблемалардын жыртык-тешигин бүтөөгө жумшалып, азыноолок табылган акча кайра эле кулкунга куюлуп жатканын өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин парламент алдында моминтип айткан жайы бар.

- Кайда барсаң – Мамайдын көрү. Бюджетибиз да «Триштин кофтан». Биякка тартсаң тиягы ачылат, тиякка тартсаң бул жагы ачылат.

Каржы министри Акылбек Жапаровдун пикиринде, Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчүнүн бул жылы мыкты болушунун бир себеби сырттан келген инвестицияларга байланыштуу.

- Буга чейин тескерисинен болуп келген. Сырттан келген карыздын көлөмү тикелей инвестицияга караганда 4 эсе, 5 эсе көп болчу. Ошол эле 2004-жылды мактап жүрүшөт. А.Акаевдин тушунда 7% өсүш болгон, аны бекер эле айдап ийдик деп. Мына ошол учур менен азыркы убакты салыштыра турган болсок, биз түз инвестицияны эки жарым эсеге көбөйттүк. Былтыр 310 миллион долларга инвестиция келди.

Эки жылдан бери токтолбогон саясий талаш-тирештердин сээли бираз басаңдап, өлкө саясий туруктуулукка бет ала баштаган чакта байкалган экономикалык өнүгүүнүн дурус жышаандарын өкмөт башчы А.Атамбаев мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайт. Конституциялык реформаны убагында өткөрүп, коррупциядан арылсак, мындан да дурус жетишкендиктерге ээ болобуз, дейт өкмөт башчы.

XS
SM
MD
LG