Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Орусия Британиянынын төрт дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимине жооп кайтарылат деп сөз берди


Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Каминин дүйшөмбүдө Британиянын бул чечимин “моралсыз” деп атап, бул окуя эки тараптуу алакаларга терс таасирин тийгизе турганын эскертти. Камининдин айтымында бул маселе боюнча Орусия бүгүн кечинде Британияга жооп кылат. Александр Литвиненконун ууланып өлүшүнө байланыштуу Лондон орус жараны Андрей Луговойду айыптап, аны Британияга өткөрүп берүүнү талап кылган. Бирок ал талапты Россия аткарбагандыгына байланыштуу Британия жооп иретинде төрт орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу жана бир катар маселелер боюнча Москва менен сүйлөшүүлөрдү токтотуу чечимин кечээ күнү кабыл алган.

XS
SM
MD
LG