Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

18-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Фергана областтык аскер командачысы, генерал-майор М. Д. Скобелев 1876-жылдын 18-июлунда Оштон чыгып, Алай багытында жортуулга аттанган. 1938-жылдын бу күнү Кыргыз мамлекеттик театрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши биринчи сессиясын баштады.

Фергана областтык аскер командачысы, генерал-майор М. Д. Скобелевдин Алай чапкыны туурасындагы рапортунда, 1876-жылдын 18-июлунда орус аскерлери Оштон чыгып, жортуулга аттанганы кабарланат. Орус аскерлери менен кошо жүрүшкө Шабдан баатыр жигиттери менен катышкандыгы жана ал олжодон баш тартып, эрдиги, жүрүм-туруму, үлгүлүү кызмат өтөгөндүгү туурасында айтылат.

1874-жылдын июль айынын ортосунда орус аскерлери тарабынан колго түшүрүлгөн Мамыр Мергенов кокондуктардын мыкаачылыгы жана кыргыздардын хандыкка каршы көтөрүлүшү туурасында көрсөтмө берип баштаган. М. Мергеновдун айтымында кокондуктардын кыргыздарга көрсөткөн кордугу, куугунтукка алып, четинен кырып башташы алардын Токмок уездине качышына себеп болгон.

1922-жылы Совет бийлиги Түркстан Республикасында Россиялык Кызыл кресттин ишин ачууга уруксат берди. Түркстан Республикасындагы Кызыл кресттин өкүлү врач Пионтковскийге, Пишпек жана Ташкент шаарларында кирешелүү жайлар ачууга макулдук берилип, андан түшкөн киреше үстөгү ачкачылыктан азап тарткан калкка жардам көрсөтүүгө жумшалыш керектиги белгиленген.

1938-жылдын бу күнү тарыхта биринчи жолу кыргыз парламенти ишин баштаган. 18-июлда Кыргыз мамлекеттик театрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши чогулуп, Кыргыз парламентинин ачылыш салтанаты аксакал депутат, чабан-стахановчу Көккөз Сопиевге ыйгарылган. Салттуу ачылыштан кийин, сессиянын күн тартиби бекитилип, анын регламентин тактоо жана төраганы шайлоо сыяктуу маселелер карала баштаган. Жогорку Кеңештин биринчи иш күнүндө парламент төрагалыгына Иван Боряка шайланган. Жогорку Кеңештин биринчи сессиясында башында Төрөбай Кулатов турган кыргыз өкмөтүнүн курамы бекитилген.

Бу күнү, 1872-жылы Улуубританияда биринчи жолу жашыруун добуш берүү өткөрүлүп, 1925-жылы Гитлердин «Майн кампф» китеби жарык көрүп, 1909-жылы СССР Тыш иштер министри Андрей Громыко, 1933-жылы айтылуу акын Евгений Евтушенко жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG