Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИ КЫТАЙГА ЭМНЕ ҮЧҮН БАРДЫ?


Айгуль Жунушалиева, Прага Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов 17-июлда эки күндүк иш сапары менен Кытайга барды. Иш сапары учурунда эки тараптуу кызматташуу, өзгөчө түркмөн газын Кытайга экспорттоо маселелери талкууланаары күтүлүүдө.

Өткөн айда Бердимухаммедов “Кытайга иш сапар- бул эки өлкө ортосундагы мамилелердеги жаңы баскыч жана Түркмөнстандын тышкы саясатындагы маанилүү окуя” деп айткан.

Сүйлөшүүдөгү негизги маселе-Кытайга Түркмөнстандан газ өткөрүүчү куурларды салуу долбоору болоору күтүлүүдө.

Былтыр Түркмөнстандын мурдагы президенти маркум Сапармурат Ниязов менен Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзиньтао аталган келишимге кол коюшкан. Ошол мезгилде Ниязов 30 жылга мерчемделген келишимди эң ири саясий эларалык контракт катары баалаган:

- «Биз аны эки баскычка бөлдүк. Алгачкысында 2008-жылга карай Түркмөнстандан жылына 30 миллиард куб метр газ Өзбекстан жана Казакстандын аймагынан өтүп, Чыгыш Кытайга жана Шанхайга жеткирилип турмакчы. 2010-жылдан болсо анын көлөмү 50 миллиард куб метрге жетет»,-
деп айткан Ниязов.

Ушул тапта Түркмөнстан газынын 70 пайызын Орусияга сатат. Иран да өлкөнүн бул тармактагы олуттуу кардары. Мындан тышкары өткөн айда түркмөн газына кызыккан АКШ жана Орусиянын өкүлдөрү Ашгабатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

-Ошентип түркмөн газы чоң талашка түшкөндө Кытайга газ куурларын орнотуу өтө актуалдуу болуп турат. Бердимухаммедов Кытайга эмне үчүн барды? Ал жакында эле Түркмөнстандан Орусияга газ куурун салуу тууралуу келишимге кол коюлганына карабастан Кытайга да газ кууру орнотулаары сөзсүз түрдө ишке ашчу маселе экенин өлкө бийлигин ишендирүү үчүн барды, -дейт серепчи Андрей Грозин.

Ошентип, Ашгабад менен Бээжиндин келишими ишке ашып, жаңы куур курулса, Кытай Түркмөнстан үчүн газ тармагындагы Орусия менен тең тайлашкан чоң кардарлардын бири болуп калат.

XS
SM
MD
LG