Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

УТРК “ЖЫЛДЫЗ ЖООКЕР” АТТУУ ЖАҢЫ ДОЛБООР БАШТАДЫ


Долбоорго катышкан көркөм өнөр адамдары бүгүн Кой-Таш аскер бөлүгүндө аскердик кызмат өтөп башташат.

Аталган долбоорго көркөм өнөр адамдарынан он алты адам тандалып алынган. Театр ишмерлеринен, эстрада чеберлеринен турган алты айым жана он мырза он беш күн аскердик кызмат өтөшөт. Алар аскер кызматында кандай талап болсо, ошонун баарысын аткарышат.

-Биринчи күндөрү катышуучулар окушат, аскерлер канчада туруп чуркай турган болсо алар да чуркашат, кандай тамак жесе ошону жеп, чачын алдырса чачын алдырып, баардык талаптарды аткарышат,- деди долбоордун автору Шайырбек Абдрахман уулу.

Долбоордун шарты боюнча катышуучулар эки топко бөлүнүшүп бири-бири менен жарышат. Кайсы топ кызматты ийгиликтүү өтөп, берилген тапшырмаларды так аткара турган болсо, аларга жүз миң сом акчалай сыйлык ыйгарылат. Ал эми катышуучулардын көпчүлүгү жаштар. Атай кетсек актер Камчы Сарыбаев, эстрада ырчылары Азиза, Роза Шакирова, Назми, Илияз Андаш, Сапар Сопубеков жана башкалар. Негизинен катышам деп келгендер көп болду. Бирок көпчүлүгү шартын угуп эле катышуудан баш тартышты.

-Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү жетекчиликтер менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүрдү. Бирок алгач кандай болуп калат, эмне болот деп аябай кооптонушту. Ал эми азыр бири-бирибизди түшүнүшкөндөн кийин колдоо көрсөтүп жатышат- деди Шайырбек Абдрахман уулу.

Аскерге болгон жаштардын кызыгуусун арттыруу максатын көздөгөн бул долбоор август айынын башында жыйынтыкталып, айдын он бештеринде жалпы журтка көрсөтүлө баштайт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG