Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

БЕРМЕТ АКАЕВАНЫН ОКУЯСЫ АТАСЫ ҮЧҮН БАЛАСЫНАН ӨЧ АЛУУБУ?


«Комсомольская правда Кыргызстан» гезити, мурдагы президент А.Акаевдин эки жогорку билими бар - М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети менен Лозан экономикалык мектебин бүтүргөн, илимдин кандидаты, 5 чет тилин билген кызы Бермет Акаеваны кыргыз бийлиги үч айдан бери Бишкекте үйтүрмөдө камап олтурганын, аны формалдуу түрдө сот ишине тоскоолдук кылды деп күнөөлөп жатышканын… ал эми мындан эки жыл мурдагы мандалак ыңкылабында сүрмө топ аялдар Жогорку Соттун имаратын басып алып, жумалап иштетпей койгонун, бирок анда сот ишине тоскоолдук кылды деген айып менен бир да киши күнөөлөнүп, бир да киши жазага тартылбаганын эске салуу менен, мунун эң башкы себеби- Бермет Акаеванын экс-президенттин кызы экендигинде, азыркы бийликтин мына ошол ийининде башынан башка куралы, бийлиги да, армиясы да жок кенедей аялдан коркуп, аны үйтүрмөдө камап олтурганын өзү күлкү кетирерлик жорук деп баяндады. Атасынын өчүн баласынан алуу алтургай орто кылымда да болбогонун, негизи кыргыз бийлиги дагы бир пайданы, бир нерсени Б.Акаевага алмашып алууну көздөп атканын… баса жакында Бишкек саммитине келүүчү президенттердин баары Б.Акаеваны беш колдой билишээрин, баары кезинде Акаевдардын колун кысып, үйүндө чай-пай ичишкендерин кошумчалады.

«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити ичкилик темасына кайрылып, анын пайда-зыянына токтолгон. Спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатуу кирешелүү тармак экендигин, ошондой эле аракечтиктен дарылоо иши да оңой эмес пайда апкелерин, бүгүн аракечтиктен айыктырабыз деген көзү ачыктар, табыптар менен экстрасенстер иттин кара капталынан да көптүгүн, Бишкек шаарында эле наркологдордун бүтүндөй бир армиясы аракеттенерин, аракечтиктен айыктырам дегендердин баасы орточо 550 сомдон 1000 сомго чейин чапчып түшөрүн, ал эми адамдын аракка болгон кумарын 5 эле күндө жок кылам дегендердин сураганы- 2500 сом турарын жазды. «Азаттыктын» угармандарынын эсине сала кетели, спиртти дүйнөдө биринчи болуп биздин эранын 6-7- кылымдарында арабдар ойлоп тапканын, биринчи аракты да 860-жылы Парес аттуу араб врачы жасаганын, бирок аны ичүүгө Куранда тыюу салынганын, алкоголь деген сөздүн тамыры да арабдардан келерин, ал башты айландыруу деген түшүнүктү берээрин, ал эми алкоголду керектөө боюнча албетте КМШ өлколөрү дүйнөнүн алдыңкы өлколөрүнүн катарында турарын маалымдады.

Ушул эле гезит Коомдук саясат институтунун президенти, мурдагы тышкы иштер министри М.Иманалиев менен баарлашып, андан казак президентинин Борбор Азия Биримдигин түзүү боюнча оюна көз карашын сураганда, Иманалиев мырза казак президенти козгогон ойдун жакшы экендигин, бирок Борбор Азия президенттеринин азыркы генерациясы, деги эле бул өлколөрдүн саясый элитасы мындай биримдикти түзгөнгө азырынча даяр эместигин жана анын ар кандай себептерин айтып берген.


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG