19 – июлда АКШ элчилиги жалпы баасы эки жүз миң доллар турган он жети автоунаасын Кыргызстандын МАИ кызматына тапшырганы жатат. Элчиликтин маалымат кызматы мындай иш чара эки мамлекет ортосундагы өкмөттөр аралык тыгыз байланыштарды далилдейт жана ошондой эле МАИ кызматындагы реформалардын ийгилктүү жүрүшүнө ылайык келечекте дагы кошумча унаалар берилерин билдирди. АКШ тарап мындай жардам МАИдеги коррупциянын азайышына жана коомго кылган кызматынын сапаты жогорулашына өбөлгө түзөт деген үмүттө. (ESu)