Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

11:05 Кыргызстанда балдардын өлүмүн жана жумушсуздукту жоюуда анчейин өзгөрүү жок


Бул тууралуу экономикалык өнүгүү жана соода министри Сабырбек Молдокулов бүгүн Бишкекте өтүп жаткан“Миң жылдыктагы өнүгүүнүн максаттары” аттуу аймактык конференцияда билдирди. БУУнун 2000-жылдагы маалыматына караганда Кыргызстандагы калктын жакыр жашаган катмары 30,2 пайызды түзгөн. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн азыркы маалыматы боюнча өлкөдөгү жакыр жашагандардын катмары кыскарып, учурда 11,1 пайыз. Молдокулов Борбордук жана Түндүк Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандын жетишкендиктери катары калктын 98 пайыздан ашууну билимге жетишкенин, итернет, мобилдик жана башка байланыш тармагы боюнча кыйла алдыга кеткенин белгиледи. Аталаган конференцияга 13 өлкөдөн жүздөн ашуун делегат катышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG