Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

15:15 Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу жер 2005-жылдан бери талашты жаратып келет


Аталган маселеге байланыштуу бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургундары маалымат жыйын өткөрдү. Алардын билдиргенине караганда 2005-жылдын октябрь айында ошол кездеги шаардын мэри А.Салымбеков жана экс-губернатор Т.Кулмырзаев, Аламүдүн районуна караштуу алты гектар жердин жарымын шаарга берүү боюнча келишимге кол коюшкан. Келишимдин негизинде шаарлыктар темир жолдун жээгиндеги үч гектарга үй куруп, бирок талаштуу маселелерден улам курулуш токтотулган. Азыркы күнгө чейин бул маселе чечиле элек. Үйлөрү жок батирде башпаанек кылышкан шаарлыктар өкмөткө кайрылуу жолдоду. Ал эми Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов болсо шаардыктардын нааразычылыгынан азырынча майнап чыкпайт деп белигилейт. Себеби талаштуу жердин тагдырын сот качан, кимдин кызыкчылыгына чечет белгисиз. (JJ)

XS
SM
MD
LG