Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

17:40 Жер титирөөдөн жабыр тарткан Кочкорлуктар нааразылык акциясына чыгышты


Буга чейин өкмөттөн жардам албай калган 173 үй-бүлөдөн өкүлдөр 21-июнда өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевге жолугушканда, ал ар бирине 5-июлга чейин 50 миң сомдон жардам берилет деген убадасын берген соң кочкорлуктар күтүп жатышкан. Булардан сырткары дагы 540 үй-бүлө же сертификаттан, же акчадан жок жүрүшөт. Бүгүн 150гө чукул чогулган адамдар Кочкор райондук жергиликтүү бийликтин жообун талап кылышты. Үч сааттан кийин райондун акими Курманбек Байтереков келип, чогулгандарга жагдайды түшүндүрө баштаганда акимдин сөзүнө ынынбаган эл 21-июлда Кочкордо кайрадан жолугушуп, өкүлдөрдү шайлап 23-июлда Бишкекке Акүйгө жөнөмөй болушту.(JI)

XS
SM
MD
LG