Бүгүн президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында «Тыңчылык” кылган делип шектелип камакта отурган парламент кызматкери Жыпаргүл Арыкова менен жолугушуп чыкты. Укук коргоочунун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Арыкова онкологиялык оору менен ооруп жүргөнүнөн, денсоолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жардам берүүнү өтүнгөн. (AJ)