Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

А.КАСМАЛИЕВА: ЖЫПАР АРЫКОВАНЫН АБАЛЫ НАЧАРЛООДО


«Тыңчылык” кылган делип шектелип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган парламент кызматкери Жыпаргүл Арыкованын денсоолугу күндөн күнгө начарлап баратканын анын адвокаты Айжан Касмалиева кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен баарлашканда айтып берди. Ал Арыковага карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Биринчи май райондук сотуна кайрылганын билдирди.

- Айжан айым, сиз Жыпаргүл Арыковага ишемби күнү жолугуптурсуз. Жолугушууда анын өз оозунан тынчылык маселесине кандайча чалынышып калганын, ага коюлуп жаткан айыптарга анын пикирин уга алдынызбы?

-Мен акыркы жолу ишемби күнү барганымда Жыпаргүл биринчи жолу аябай ыйлады. Ал кытайлар берген 1500 долларды алар "мага жалгыз бой эне катары, жардам катары гана беришкен. Анткени мен 70 миң сомго бизнес кылам деп, бизнесим болбой калып банкрот болгом. Ошол берген акчага мен болгону эмне кылдым, ооруган энемди операция кылдырдым жана бир тууган сиңдим бар, ал дагы жалгыз бой эне, ошону Кочкордон шаарга алып келдим. Болгону ошол эки нерсени гана кылдым. Мен ошол эки нерсе үчүн ушул жерде отуруп, кыйналып атам. Ошол убакта дагы менин карыган эне-атам Кочкордогу жер титирөөдөн жапа чегишти. Ошол Кочкордо өзүмдүн туулуп өскөн үйүм толугу менен кыйрап калды. Мен материалдык жактан абдан кыйналып турган убагым болчу. Ошол берген 1500 долларды болгону энемдин операциясына, сиңдимди ушул жака алып келгенге кетти. Башка менин эч бир күнөөм жок. Ушул жерде мен ошон үчүн отурам”- деп айтты.

-аргүл Кытайдын атуулуна жашыруун документ берген делип айыпталып жатпайбы. Ошол документтер тууралу айттыбы?

-Берген материал болгону Конституциянын долбоору, Ганси боюнча комитеттин чечими, анан ноябрдагы, декабрдагы болгон митингдер тууралуу экен.

-Жанагы документтерди алган кытай жараны маалым каражаттарынын өкүлү бекен?

-Аны Жыпара бизнесмен катары билчүмүн дейт. Алар КГБга иштеген деген маалымат бар экен, мен аны өзү да билген эмесмин, дейт Жыпара.

-Айжан айым, камактагы Жыпаргүл Арыкова оорукчан деген маалыматты угуп жатабыз. Анын абалы кандай экен?

-Жыпаргүл 2005-жылдын январь айынан бери биздин улуттук онкологиялык борбордо учетто турган экен. Эки эмчегинен “фиброзно-кистосное мастопатие обеих сторон” деген диагноз менен. Акыркы жолу 2007-жылы 27-майда дарыгердин карамагында болуп, дары-дармектерди алып, жаңы дарылана баштаган убакта 19-июнда кармалып отурат. Азыр негизинен ошол жүрөккө берип жатабы деп ойлоп атам. Анткени мен эки күндүн биринде барып атам, абалы начарлагандан начарлап баратат.

-Айжан сиз юрист катарында Жыпаргүлдүн камакта отурганына кандайча баа бересиз?

- Албетте бул боюнча акыйкаттыкты соттон үмүт кылып жатабыз. Күнөөсү барбы, жокпу соттон гана чечилет. Менин көз карашым боюнча азыр Жыпаранын кылган кыймыл аракети Кылмыш Кодекстин 302-беренесине туура келеби, келбейби бул суроо. Бул дагы соттон чечилиш керек.

-Жыпаргүл Арыковага коюлуп жаткан Кылмыш кодексинин беренелерине да токтоло кетсеңиз?

-Азыр Кылмыш Жаза кодексинин 292-беренеси менен (мамлекетке чыккынчылык кылган) деген күнөө коюлуп жатат. Мен адвокат катары айтат элем, буга эч кандай негиз жок. Күнөөсү 302-беренеге түшөбү, түшпөйбү аны сот чечет.

- Сиз адвокат катары алдыда бул маселе боюнча кандай иш аракеттерди көрөйүн деген оюңуз бар?

- Мен азыр адвокат катары эң негизги милдетим, азыр баш коргоо чарасын өзгөртүп убактылуу камоочу жайдан чыгарып алышым керек. Андан кийин биз алдын ала тергөөдө да көрөбүз буга байланыштуу кандай материалдар бар экенин. Аны менен мени азыр тааныштырыша элек. Анткени тергөөнүн убактысы срок боюнча эки ай. Ошол эки ай убакыт бүтө элек. Бүткөндө мени тааныштырышат. Ошондо дагы билинет кандай далилдери бар, кандай далилдери жок. Ошон үчүн мындай-тигиндей деп айтканга мен эрте деп айтат элем.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG