Адистердин көбү Өзбекстанда кышында өтүүчү шайлоодо өлкө жаңы президенттүү болооруна ишенбейт. Алар өлкө башчыларынын өмүр бою президенттик такты башка бирөөгө бербей келгени башка да Борбор Азия мамлекеттеринде орун алгандыгын айтышууда. Мисалы Өзбекстан менен Казакстандын президенттери 1989-жылдан бери мамлекет башкарып келишет, Түркмөнстан президенти Сапармурат Ниязов көз жумганга чейин 21 жыл өлкө башында турган. Коңшу Тажикстандын президенти Эмомоли Рахмонов болсо президенттик такта 1994-жылдан бери отурат.
Лондондогу аналитика борборунун менеджери Джеймс Никсейдин айтымында Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери өмүрүнүн аягына чейин өз бийлигин сактап калууга аракет жасайт жана муну СССРден калган мурас катары бааласа болот.
-Советтер Союзунун башчылары, бир гана Хрущевдон башкасы, өмүрүнүн аягына чейин бийликти башка бирөөгө беришкен эмес. Ал эми СССР мезгилинде тарбия алган азыркы президенттер жөн гана алардын жолун жолдоп жатат,- дейт Джеймс Никсей.
Тажикистанда акыркы шайлоо кампаниясында шайлоочулардын көбү Имомоли Рахмоновдон тышкары башка талапкерлер тууралуу укпагандыгын айтышкан. Өлкөдөгү демократиялык партиянын мүчөсү Рахматулло Валиевдин пикиринде Борбор Азияда бийлик президенттике талапкерлерге бут тосуп, алардын шайлоодо жеңишке ээ болушуна дээрлик мүмкүнчүлүк бербейт.
-Борбор Азиядагы мамлекеттердин бардыгында, 5, 7 же 15 млн калктын ичинен бир гана адам- учурдагы президент гана шайлоодо утушка ээ боло алат. Башкача айтканда бийлик саясий майданга жаңы адамдардын келишине мүмкүнчүлүк бербейт.
Ал эми башка серепчи - Борбор Азиядагы эл аралык кризистик топтун мүчөсү Майкл Холдун айтымында Өзбекстан, Таджикстан жана Түркмөнстан өңдүү мамлекеттерде оппозициялык маанайдагы саясатчылар бийлик тарабынан ачык эле куугунтукка алынат. Андыктан алардын көбү бийликке каршы чыгууга батынбайт.
Мисал катары өзбек оппозиционери Мухаммед Солихти айтса болот. Убагында ал Каримовго каршы чыгам деп куугунтукка кабылып, акыры чет өлкөгө качып кутулганы менен Өзбекстанда калган эки бир тууганы узак мөөнөткө кесилип кеткен.
Башка оппозиционер Таджикистандык Абдумалик Абдулложонов баңги заттарды алып жүргөн деп айыпталып, өлүм жазасына тартылган.
Ошентип Борбор Азия мамлекеттериндеги бир топ бычакка сап оппозиционерлер түрмөгө отуруп, же өлүмгө дуушар болушкан.
Кыргызстандагы саясий серепчи Эдиль Байсаловдун оюнда жакын арада мындай абалдан чыгуу дээрлик мүмкүн эмес. Анын пикиринде Россия жана Кытай сыяктуу ири державалар Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери өмүр бою бийликте отурушун сынга албайт.
-Учурда АКШнын Борбор Азияга карата таасири басаңдап жатат, Европа дагы бул аймакта чоң оюнчуэмес. Ал эми Кытай менен Россия албетте Борбор Азиядагы лидерлер жана алар Конституциянын сакталышына көп деле кызыкдар эмес,- дейт Эдил Байсалов.
Дегени менен серепчи Джеймс Никсейдин пикиринде бийликкке башка көз караштагы жаңы муун келгенде өмүр бою президенттик такка отуруу артта калып, өлкө башчылары ачык-айкын, таза шайлоодо аныкталат.