Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

10:35 БУУнун ЮНИДО программасынын өкүлдөрү өкмөт башчы менен жолукту


Кечээ премьер-министр Алмазбек Атамбаев өнөр-жайды өнүктүрүүгө багытталган БУУнун ЮНИДО программасынын Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча жетекчисинин орун басары Юрий Ахвледиани баштаган делегация менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык, улуттук долбоорлорду өнүктүрүү тууралуу сөз козголду. ЮНИДО программасынын өкүлдөрү Кыргызстанга өлкөнүн өнөр-жай, айыл-чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүү үчүн келген. А. Атамбаев БУУ Кыргызстанга инвестиция тартуу маселесинде жардам берүүдө деп билдирди. Кыргызстан 1993-жылдан бери ЮНИДО программасынын мүчөсү болуп келет. Ушул күнгө чейин өлкөдө бул программанын алкагында сегиз долбоор ишке ашып, 850 миң доллар киреше түшкөн деп кабарлашты өкмөттүн басма сөз кызматынан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG