Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

АРАБ ЧАЛМАСЫ


«МСН суббота» гезити, араб өлкөлөрү Кыргызстандын банктары менен барган сайын жигердүү иш жүргүзүүгө өткөнү ишкерлерди чочулата баштаганын, арабдар акча каражатын айрыкча исламдаштыруу багытын көздөй буруп, акча жана кредитти исламдын байрагын көтөргөн жеке компаниялар менен ислам динин туу туткан жеке адамдарга берип жатышы ансыз да алапайын таппай турган Кыргызстанды туруксуздуктун очогуна айлантарын, калктын диний ишенимдерине кагылган шынаа болорун айтуу менен… биз Кыргызстандын Пакистан менен Ооганстандын жолу аркылуу кетишин каалабас элек, кокус ошондой эле жол керек болсо эмне үчүн Түркиянын өнүгүү жолун алууга болбосун, деп жазды.

…Бишкектеги бир пенсионерге оңдой берди болду. Кемпир ханга салам бербей жашап калды. Үйү евроремонт. Тамал-ашы жетиштүү. Коңшуларынын суктанганын айтпа… Көрсө бактылуу пенсионердин кызы Америкада сойкулук кылып доллар жөнөтүп турат экен. Ал эми мындай «бактыга» туш болбогондорчу? Деги Кыргызстанда пенсионер деген ким? Пенсионер деген 800дөн 1 жарым миңге чейин сомун бир айлык жашоосу үчүн жеткирем менен жанталашкан киши. Кыскартып айтканда Кыргызстандын пенсионерлерин колорад коңузуна салыштырса тура болот. Окшоштугу колорад коңузун бүгүн жок кылсаң, эртең жабалактап кайрадан пайда болот. Экөөнүн бир гана айырмасы коңуз картошка менен гана тамактанса, пенсионер эмне тапса ошону менен тамактанат, деп жазды ушул эле гезит пенсионерлердин көйгөйү туурасында баяндаган макаласында.

Кыргызстандын жогорку даражалуу кызматтарда иштеген кыргыз эмес улутундагы бардык атка минерлер кыргыздын тилин, кыргыздын үрп-адатын, салт-санаасын сыйлап, кыргыздын тарыхын билүүгө тийиш… Кыргыз элин урматтабаган, анын каада-салтын жек көргөн офицерлердин Кыргыз Армиясында кызмат кылууга акысы жок. Байыркы да, азыркы да Кытай өз элинин тилин, тарыхын билбегендерди армиясына жакын жолотпойт. А бизде «боло берет» оорусу жашап келет. Кыскасы кыргыз армиясынын учурдагы абалы президентти да, министрлерди да, коомчулукту да олуттуу ойлонтуусу керек,-деп жазган «Кыргыз туусу» гезитиндеги макаласында «Манас ордо» коомдук уюмунун президенти Анарбек Усупбаев КР Коргоо министрлигиндеги коррупцияга, андагы министрдин орунбасары, Борис Югайдын жагымсыз жүрүш-турушуна нааразы пикирин билдирген.

Камбар Ата ГЭСтерин куруу үчүн тендер сынагына сыягы Ата Мекендик ишкерлер катышпай калат окшойт, себеби эксперттердин эсеби боюнча Кыргызстандын эң баймын деген азаматынын да бул өтө кымбат долбоорду курууга шаасы жетпейт. Нарын дайрасына курула турган курулуштун алгачкы этабына эле 2 жарым, 3 миллиард доллар жумшалууга тийиш,-деп жазган «Новый Кыргызстан» гезити андан ары өлкөдөгү инвестициялык долбоорлордун айрымдарын чубатуудан өткөрөт. Маселен Каракечени ишетүүгө -12 миллион доллар, «Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга-135 миллион доллар, Таласка нефтини кайра иштетүүчү завод курууга- 239 миллион доллар... сала турган инвестрлорду табуу керек. Табылабы?

«Жаңы кылым» гезити өз алдынча эксперимент жасап, ушул жуманын башында Акүй атка минерлерине саат 9дан тартып телефон чалып чыкканын, мисалы Мамкатчы А.Мадумаровдун эки телефону тең жооп бербегенин, президенттин админстрация башчысы М.Садыркуловду анын катчысы телефондон коргоп, кожоюн менен байланышуу жалгыз гана басма сөз кызматы аркылуу болот дегенин, Ч.Баекованын телефону да сүйлөбөс телефондордун катарына кирерин, Башпрокурор Э.Сатыбалдиев жалган түш болгончо кызматына келбегенин… айтор эл алдында бардыгын кыйратып жатабыз деген мырзалар менен мырзайымдардын кызматка мамилеси ушул болсо, анан кантип оңолобуз деп жазды аталган гезит «Акүйчүл агайындар кайда?» аттуу макаласында.

Бүгүн Чүй боорунда Тажикстандан келип жашап калган кыргыздардын саны 17 миңден ашып калды. Негизинен дыйканчылыкка шыктуу бул туугандар жердин майын чыгара эмегектеген эмгекчил, ыймандуу эл келет. Бирок тынчсыздандырып жаткан бир гана нерсе- аларга кыргыз жарандыгын берүү ишинин токтоп калгандыгы болууда деп маалымдаган «Заман Кыргызстан» гезити, бул маселе боюнча тиешелүү адамдарга кайрылганда, жарандык берүү маселеси токтобогондугун «Жер ооштурган боордоштор өз арабасын тартууда» деген макаласы аркылуу кабарлады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG