Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:55

12:39 Ош облусунун губернаторунун орун басары К. Тезекбаев кармалды


Ички иштер министрлигинин басма-сөз катчысы Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, Кушбак Тезекбаевге ири суммадагы каражатты уурдап алган деген айып тагылып, жалпысынан Кылмыш кодексинин беш беренеси боюнча кылмыш иши козголду. К. Тезекбаев кечээ, Бишкекте түшкү саат 12 чендерде кармалган. Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакка алынды. Тергөө иштери жүруп жатат. Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, учурда Ош областынын мамлекеттик администрациясынын маңдайында К. Тезекбаевдин жүзгө жакын тарапкерлери чогулуп, аны тез-арада боштондукка чыгарууну талап кылышууда. Эгерде коюлуп жаткан талаптар аткарылбаса, нааразылыкка чыккандар Бишкек-Ош жолун бууп алабыз деп коркутушууда. Губернатор эгерде алар жол тосууга бара турган болсо, анда тиешелүү чаралар көрүлөт, деп эскертти. (MSu)

XS
SM
MD
LG