Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

ЖАЛАЛАБАТ: АЯЛДАР ТУРМУШ КОРДУГУНА ЧЫДАБАЙ ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛУУДА


Жалалабат облусунда соңку учурларда аялдардын өз өмүрүнө кол салуусу кайталанууда. Үй-бүлөдө кейиштүү окуялардын пайда болушуна жубайлар арaсындагы түшүнбөстүктөр, аракечтик жана жашоонун оордугу себеп болууда. Үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан Ноокен районунда өзүн өзү өрттөгөн беш балалуу аял каза болуп, анын сөөгү 18-июлда жерге коюлду. Жыл башында Базаркоргон районунда да бир аял өзүн өзү өрттөгөн. Эксперттер үй-бүлөлүк чыр-чатактардын себебин эркектерден издесе, облуста жакында түзүлгөн кризистик борбор эркектер да коргоого муктаж экендигин билдирүүдө.

Кочкората шаарынын 37 жаштагы жашоочусу Гүлмира Калбердиева жумуштун жоктугунан таштанды төгүлгөн жайлардан никель зымын терип сатуу аркылуу беш баласын багып жүргөн. Каргашалуу 17-июлдун түн жарымында алагүү болгон күйөөсү менен айтыша кеткен да бөтөлкөдөгү бензинди өз башына куюп, ширенке чагып ийген. Өрттөн сактап калуу үчүн үй-бүлөсү менен кошуналары аны паласка, кийин көрпөгө орошуп, жалынды өчүрүп калышкан. Бирок, аял ооруканага эс-үчүн билбеген калыбында жеткирилген. Шаардык оорукананын реанимация бөлүмү Гүлмиранын өмүрүн сактоонун бардык чараларын жасаган, бирок, денесинин 85-88 пайызы күйгөндүктөн аны аман алып калуунун аргасы болбоду:

- Алып келген маалда эле Калбердиева Гүлмиранын акыбалы өтө оор болгон. Акыл-эси жок болгон. Ал 80-88 пайыз денеси күйгөн. Күйүүдөн эси жок болгон. Жолдошунун сөзү боюнча үйүндө келишпөөчүлүктөр болгон окшойт. Денесине бензинди куюп, ширенке чаккан маалда жолдошу өчүргөнгө аракет кылган. Ал дагы күйгөн, - дейт реаниматолог Кубаныч Жумабаев.

Дарыгердин айтымында Гүлмиранын күйөөсүнүн бети-башы, колу бутун да өрт чалган. Аялдардын өз өмүрүнө кол салуусу кадыресе көнүмүшкө айланууда. Облустагы «Каниет» аттуу кризистик борборго жыл башында Базаркоргон районунан бир аял медициналык жардам көрсөтүү үчүн кайрылган, анткени, үйүндөгү чыр-чатактын айынан өзүн өрттөп, борбордун төрайымы Жанна Саралаева белгилегендей, денесинин үч пайызы күйгөн. Кризистик борборго быйыл күйөөлөрүнөн запкы тарткан 32 аял кайрылган. Аларга өз укуктарын коргоо тууралу юрдикалык-психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Ушутапта күйөөсү иштөөгө мүмкүндүк бербеген балалуу аял борбордо баш калкалап турат.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жубайлар арасындагы пикир келишпестик менен бүгүнкү турмуштун оордугу, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кыйын кырдаал жана аялдардын укугун коргоо тууралу түшүнүктөрдүн тайыздыгы себеп болууда. Үй-бүлөнү сактоо, улут келечегине кам көрүү аялдардын эле эмес, бүткүл коомчулуктун милдети деп эсептейт «Каниет» кризистик борборунун төрайымы Жанна Саралаева:

- Январь айында бизге базаркоргондук бир эжекебиз кайрылган. Ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун негизинен, күйөөсү күндө уруп, басмырлагандыктан өзүн өзү өрттөгөн. Бишкектеги бир медициналык борборго жөнөтүп, операция кылып өзүмдү кайра калыпка келтире аласынарбы деген жардам сурап кайрылган. Жашоо шартынын начардыгы, өлкөдөгү жумушсуздук да ушуга алып келет. Эшикке чыгып акча таап келсе, күйөөсү таап келгени үчүн да урат. Таппай отурса да урат. Мунун себептери өтө көп, бирок эң негизгиси бул жашоонун оордугу.

Бирок, үй-бүлөлүк чыр-чатактан жалаң гана аялдар жабыркаган жери жок. Облуста жакында эркектердин «Плеяда» аттуу кризистик борбору түзүлдү. Анын уюшулушуна эркектер арасындагы жумушсуздук менен аракечтик, жыныстык оорулардын көбөйүүсү себеп болгон.

Облбийликтин укук коргоо бөлүм башчысынын орунбасары Муса Эргешовдун айтымында ушу аптада Токтогул районунда аялына таарынган жигит өз денесине бычак урган:

- Үй-бүлөдө ичип алгандан болуп жатат. Ошондой эле өзүн-өзү уулаган жана башка нерселерди колдонгондор да көбөйүүдө. Токтогулда да 20 жаштагы бала мас абалда өзүнө-өзү бычак урган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG