Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:01

ТУРСУНБЕК АКУН КАМАКТАГЫ ЖЫПАРГҮЛ АРЫКОВАГА ЖОЛУГУП ЧЫКТЫ


Тыңчылык кылган деп шектелип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоо жайында камакта отурган парламент кызматкери Жыпаргүл Арыкова менен адам укуктары боюнча Президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун көрүшүп чыкты.

- Турсунбек мырза, сиз Арыкова менен сүйлөшкөндөн кийин ал баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранганын айттыңыз, бирок биз кабарларда айтып атабыз, сот аны канаттандыруудан баш тартыптыр. Сиздин комментарийиңиз?

- Cот эгерде ушунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып койсо жакшы болмок. Бирок тилекке каршы калтырып койду. Анткени делодогу материалдын негизинде калтырып койду деген бизде маалымат бар. Жыпаргүл Арыкованын ишинде көп нерселер бар экен, өзүнүн колу менен, өзүнүн жеке мойнуна алуусу боюнча материалдар бар экен. Ошонун негизинде калтырып койсо керек. Эми укук коргоочулар, адвокат дагы кайрылганга аракет кылып атышат. Биздин дагы үй камагына которуп койсо деген аракеттерибиз бар.

- Албетте, соттун чечими чыкканча бир нерсе айтыш кыйын болсо керек. Бирок азыр өзүңүз айткандай ошол материалдар боюнча кечээ Арыкованын адвокаты бизге билдиргендей, кытайлык жаранга Конституциянын долбоорлорун, Ганси боюнча комитеттин чечимин, анан былтыр күздөгү митингдер тууралу материалдар бар экен. Булар чын эле жашыруун документтерби?

- Буларды жашыруун документ деп айтууга болбойт. Анткени Ганси жөнүндө бардык эле гезиттерде маалыматтар бар, ошол эле митингдер боюнча, же комитеттин чечимдери жашыруун документ деп эсептелбейт. Ошон үчүн азыр эле тергөөчүлөр, башкалар дагы СНБда отурган кытай жаранын кайсы өлкө жалдаган. Ошол боюнча маалымат бере албай атышат.

- Сиз кечээ эмне жөнүндө сүйлөштүңүз Арыкова менен?

- Биз кирүүдөн мурун алар айтышты, Турсунбек Акун сизди президенттин өкүлү катары киргизгенге акыбыз жок, бирок өзүңүз билесиз секрeтность боюнча жашыруун, сиз жашаган жерин көрүңүз, өзү менен сүйлөшүңүз, тазабы, тамак ашы жакшыбы, ушул эле мааниде сүйлөшсөңүз болот деп аябай чектеп койду. Ошон үчүн мен анын иши боюнча учкай гана сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк алдым. Толугу менен жашоо шартын көрдүм. Жашоо шарты кичинекей комната экен, эки кроват коюп койгон экен, бир кроватта жатат экен, бир кроватта толугу менен гезиттер, китептер, өзү журналист окуп атыптыр, таанышып. Ичинде туалети бар экен, тамак ашын үч маал берип турат экен, ичинде суусу бар. Ал жер таза экен.

- Адвокат анын ден-соолугу начар деп айтты эле, сиз байкадыңызбы?

- Ден соолугу начар, онкологиялык оорулары бар экенин, дарыланышы керектигин айтты. Жүзүнө караганда кооптонуу бар. Өтө жаман, өтө жакшы деп айтууга болбойт, орто. Мага айтты: апамдын оорусу бар эле, болору болду мен башыма келгенди көрөм, бирок апамдын, бир туугандарымдын оорусу бар, ошолор дарыланып алса, жер титирөөдөн үй жабыр тартты эле, премьерге айтыңыз жардам берип койсун, деп айтты.

- Дагы бир маселе, 19-апрелдеги окуялар боюнча бүгүн сот ишти кароону улантат экен. Сиз бул тууралу кандай ойдосуз?

- 19-апрелдеги Таластагы премьер-министр менен болгон окуяны, анан Бермет Акаеванын ишине байланыштуу окуялардын бардыгын бир эле административдик жаза менен алмаштырыш керек. Кылмыш жаза менен буларды жазага тартуу бул туура эмес деп эсептейм. Мен өткөндө айттым, Акаев доорунда да мындай болгон эмес деп. Ошон үчүн кечээ мен премьер-министр менен сүйлөштүм, бүгүн да маалымат жыйынында берген атам. Премьер-министр айтты, эгерде менин ишиме байланыштуу кылмыш жазаны административдик жазага алмаштырса мен макулмун, кандай кагаз болсо да кол коюп берейин, ал адамдарды куугунтуктап жаза кылганды мен туура эмес деп эсептейм, деп айтты.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG