Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

17:45 Бишкекте «Миң жылдыктагы өнүгүүнүн максаттары» аттуу регионалдык конференция өз ишин жыйынтыктады

Форумдун катышуучулары КМШ, Борбордук жана Түндүк Азия мамлекеттериндеги социалдык-экономикалык, экологиялык абалды жакшыртуу, жакырчылыктан чыгуунун жолдору, балдар өлүмүн кыскартуу, аймактык жол картасын түзүү сыяктуу маселелерди талкуулашты. Форумдун жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында, мамлекеттердин алдында коюлган милдеттенмелер 7 жыл аралыгында толугу менен аткарылбаса да, ушул максаттардын коюлганынын өзү эле ар бир өлкөдө социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга жакшы өбөлгө түзөөрү айтылды. Аталган жыйынга 13 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Дүйнө жүзүндө тегиз өнүгүүнү жактаган Миң жылдыктын Декларациясы 2000-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында 190 өлкөнүн катышуусу менен кабыл алынган. (MSu)
XS
SM
MD
LG