Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:05

КИТЕП ДҮЙНӨСҮ: СЫЙКЫРЧЫ ГАРРИ ПОТТЕРДИН АЖАЙЫП ӨМҮРҮ


“Гарри Поттер” түрмөгү он жылдан бери миллиондогон окурмандарды өзүнө арбап келет. Эртең, ишемби күнү Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:00те бул сыйкырчы бала тууралуу китептин эң акыркы – жетинчи тому Лондондо жана дүйнөнүн көптөгөн башка шаарларында сатыкка түшмөкчү. Бул китепти биринчилерден болуп сатып алууга куштар кардарлар эмитеден эле кезекке тура башташты.

Жакшылыктын жеңиши үчүн күрөшкөн сыйкырчы бала Гарри Поттер тууралуу китептин алгачкы томдорунун негизинде көркөм тасмалар да жаралганын жакшы билесиздер.

Ал эми Лондон шаарында “Азаттыктын” кабарчысы болгон бир кесиптешибиз белгиялык Жесси аттуу айым менен жолукту. Кайсы жерде дебейсизби? Тегерек келген Пикадилли Сөркис аянтындагы китеп дүкөнүнүн жанында.

23 жашар Жесси бейшемби күндөн бери мында кезектин алдыңкы катарында турат. Бир нече жыл илгери бөлөлөрү ага Гарри Поттер тууралуу китеп белек кылган эле, ошондон бери ал Гарри Поттер тууралуу сөз болсо эле ичкен ашын жерге койот.

“Гарри Поттер жана сыйкырдуу нерселер” ("Harry Potter and the Deathly Hallows") деп аталган жетинчи томду Жесси эми ишембиге караган түнү биринчилерден болуп колуна тийгизмекчи.

- Мен өзүм менен кошо төшөнчүмдү ала келгем. Кезекте туруу мен үчүн түйшүк болгон жок. Кээлери болсо жөн гана төшөнчү кап ала келишиптир. Айрымдары балык уулаганда отургандай чакан отургучтарын көтөрө келишкен экен. Түнүчүндө суук эле болду. Кээ-бирлерибиз эч уктай алган жокпуз. Эми эртең жылуураак болоор. Же болбосо биз жылуураак кийинип алабыз го.

Ал эми китептин автору Жоан Роулинг айымга келсек, ал 1997-жылы Гарри Поттер тууралуу алганчкы китебин жарыялаганда, бул чыгармасы дүйнөлүк балдар адабиятында айрыкча көрүнүшкө айланаарын күтпөсө деле керек.

Бир күнү ал поездде келе жатып, өзүнүн сыйкырчылык касиети бар экендигин капысынан аңдаган бир өзгөчө бала тууралуу китеп жазууга кыялданат. Жалгыз бой Роулинг айым колундагы кызы чүрпө кезинде китеп жазууга отурат. Кээде ал кызын уктатып коюп, кафеге келип жазчу экен.

Сыйкырчылардын атайын мектебиндеги Гарринин баштан кечирген укмуштуу окуялары тууралуу китеп бүт дүйнө жүзүнө тез арада таркады.

Аны араб, орус, урду жана башка 60тан ашуун тилге которушту. Китептин 325 миллиондой нускасы жер жүзүндө сатылды. Гарри Поттер фильмдери чыгып, саякат жайлары, окурмандардын жыйындары уюштурулду.

Автор айым болсо дүйнөдөгү эң бай аялдардын катарына кошулду.

Деги, Гарри Поттер тууралуу китеп эмне үчүн окурмандарды айрыкча кызыктырып калды экен?


“Букселлер” ("The Bookseller") деп аталган китеп кардарларына арналган журналдын балдар адабияты боюнча редактору Кэтрин Хорн айым бул китеп балдарга эле эмес, аны балдар үчүн окуп берген чоңдорго да жагып калганын айтат:

- Китеп балдарга таптакыр башка бир дүйнөнүн эшигин ачып берет. Бул дүйнө, бир чети, алар өздөрү жашаган дүйнөгө окшош, экинчи чети, алар айдан ачык элестете алгандай дүйнө. Китептин дүйнөсүндө айрыкча бир укмуштуу окуялар орун алат. Роулинг айым бул китептик дүйнөгө жан киргизип бергендей болду. Мындайды башка китептерден учурата албайсың.

Учуучу машиналар, учуучу шыпыргылар жана башка ажайып нерселер арбын болгон бул китеп эми эмне менен бүтөөр экен?

Китептин соңку саптарында анын баш каарманы Гарри Поттер өлүп калаар бекен, же зулум күчтөрдүн коркунучунан аман калабы? Нечендеген жаш окурмандар Гарри Поттер тирүү калса экен деп самашат. Анткени ал маңдайы жарык, жакшылык үчүн күрөшкөн сыйкырчы да.

Эмнеси болсо да, болочокто бул китептин өзүн таап, окууга аракет кылып көрүңүздөр.
XS
SM
MD
LG