Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

КАЙСЫ ЭЛ ӨЗҮН БАКТЫЛУУ СЕЗЕТ?


Назгүл Кошоева, Прага Адамдарга “Бакыт деген эмне?” деген суроо узатсаңыз, ага миң түркүн жооп аласыз. Жер бетинде канча адам жашаса, алардын ар биринин бак-таалай жөнүндөгү өз түшүнүгү бар. Ал эми дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөнү аныктоо үчүн Британиянын бейөкмөттүк “Жаңы экономика кору” (New Economics Foundation) аттуу иликтөө борбору жылына атайын изилдөө өткөрөт. “Бактылуу планета көрсөткүчү” ('Happy Planet Index') деп аталган ошол изилдөөгө караганда, кыргызстандыктар дүйнөдөгү бактылуу элдердин арасына кирет экен.

Британиянын бейөкмөттүк New Economics Foundation институту Кыргызстандын калкы дүйнөдөгү өзүн бактылуу санаган калктардын бири деп тапты. Кыргызстандын эли, оор экономикалык абалга жана башка кадыресе жашоо үчүн жагымсыз шарттарга карабастан, абдан оптимист эл экен деп айтылат изилдөөдө.

Таң каларлык нерсе, байдөөлөт Батыш өлкөлөрүндө турмуш сапаты жогору болcо да алардын көбү “Жаңы экономика кору” (New Economics Foundation) түзгөн тизмеде акыркы орундарда турушат.

Маселен, АКШ элдердин бактылуулугун аныктаган көрсөткүч боюнча Африканын Руанда же Кот д’Ивуар деген өлкөлөрү менен бирдей төмөнкү орундарды ээлеген.

Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар өздөрүн канчалык бактылуу эсептешет? Аны билүү үчүн Чехиянын борбор шаары Прагадагы университеттердин биринде окуган Максат деген жигитке кайрылдым. Максат ата-энеси, туугандары аман- эсен, ооруп- сыркабай турушканда, өзүн бактылуумун деп билет:

- Бакыт эмне? Ден-соолук, бир тугандар, ата-энем , акча. Бактылуумун, анткени мен санаган нерселердин баары бар менде. Чехияда жүрүп Кыргызстанды сагынган - өзүнчө бир бактылуу учур,- дейт ушул тапта Прагада байырлаган Максат.

Эмне үчүн дүйнөнүн бай өлкөлөрүн бири АКШнын эли аларга салыштырганда өтө эле жарды кыргызстандыктарга караганда бактысыз? Суроого жооп издеп, Прага шаарындагы англис тили мугалими Лэмонтту сөзгө тарттым.

Лэмонттун айтканына караганда, америкалыктар өздөрүн бактысыз сезген жагдай – алардын акча жөнүндө көбүрөөк санааркаганына байланыштуу:

- Өзүмдүн каалаган ишимди жасай алган, каалаган кишилер менен чогуу жүрө алган жана эңсеген турмуш ыракатына бата алган чагымды мен бактылуу учурум деп санайм. Азыркы тапта мен 90 пайызга бактылуу болсом керек. Каржылык түйшүккө баткан чакта, же ооруп калган учурумда мен өзүмдү өтө бактысыз сезем. Биз, америкалыктар, өтө көп иштейбиз. Башкаларга атаандашып кийинем, буюм сатып алам деп жүрүп карызга да батып калабыз. Канчалык көп мүмкүнчүлүккө ээ болгон сайын, андан да көбүрөөккө жетишсек дейбиз. Ошенте берип, ишибиз да көбөйөт, бирок турмуш ыракатын сезүүгө бизде убакыт да жок.

178 өлкө калкындагы бакыт-таалай сезиминин салыштырмалуу көрсөткүчүн аныктаган бул изилдөөнүн кемчиликтери да бар десек жаңылыштык болбойт.

Мисалы, “Жаңы экономика корунун” иликтөөчүлөрү даярдаган “бактылуулук көрсөткүчүндө” ар бир элдин өмүрүнүн орточо узактыгынын бактылуулукка кандай катышта болоору эске алынган эмес.

Кыргызстан менен АКШны салыштырып көрсөк, америкалыктар кыргызстандыктарга караганда орточо 11 жылга узак жашашат. Ошондуктан америкалыктарда бактылуу жашоо үчүн баа жеткис өмүрдүк асыл жылдар көбүрөөк.

Же эли улгайып бараткан Батыш Европа өлкөлөрүн алалы. Алардын улан-кыздарында өз бактысын тапканга социалдык мүмкүнчүлүктөрү борбордук азиялыктардыкынан алда канча арбын.

Чыгыш элдеринин батыштыктардан өзгөчөлүгү: алар тагдырына таарынышып, өмүргө наалышпайт. Алар үчүн Күндүн чыгып турганы өзү бакыт.

Кыргызстандык улан же кыз кокус чөнтөгүндө акчасы жок болуп, гамбургер жебей калса, ал үчүн өзүн бактысыз деп санабайт.

Негизинен, иликтөөчүлөр чыгыш элдеринин турмушка каниет менен караган мүнөзүн да бактылуулук сезимин арттыра турган жагдай катары эске алышкан экен.

Бирок каниет кылуу, жакынга күйүмдүүлүк, улууну урматтоо сыяктуу сапаттар улам дүйнөлөшкөн базар экономикасынын шартында олуттуу сыноого учурап жатканы да айкын.

“Бактылуу планета көрсөткүчү” ('Happy Planet Index') баяндамасын даярдагандар жер бетинде жашаган элдердин келечектеги жалпы бактылуу жашоосуна жетишүү үчүн экономикалык, социалдык, экологиялык жана башка дүйнөлүк ири маселелерди дүйнө элдери чогуу-чаран чечүүсүнүн зарылдыгын баса белгилешет.

XS
SM
MD
LG