Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

15:07 Ош облусунун губернаторунун орун басары К. Тезекбаев УКМКнын абагына которулду


Бул тууралуу ИИМ дин маалымат-кызматынан кабарлашты. Ош облусунун губернаторунун орун басары Кушбак Тезекбаев 19-июлда Бишкекте кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына отургузулган. Биринчи май райондук соту бул ишти жабык эшик артында карап, К. Тезекбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин абагында кармалсын деген чечим чыгарды. К. Тезекбаевге ири суммадагы гуманитардык жардамды туугандарына таратып, мамлекетке бир жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирген деген айып тагылууда. Кечээ Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын маңдайында Кушбак Тезекбаевдин жүзгө жакын жактоочулары наарызылкка чыгышып, аны боштондукка чыгарууну талап кылышкан. Эгерде коюлуп жаткан талаптар аткарылбаса Бишкек-Ош жолун бууп алабыз деп коркутушкан. Ал эми Ош губернатору Жантөрө Сатыбалдиевдин «Азаттыкка» бүгүн билдиргенине караганда, кечээ чогулган эл нааразылык акцисын бүгүн улантышкан жок.(MSu)

XS
SM
MD
LG