Ушул жылы 24-майда Бишкектеги “Берекет” базарында чыккан өрттөн сексен сегиз ишкер жапа чеккен эле. Базардын жетекчилиги жылдын аягына чейин ишкерлерди ижара акысынан бошотконун жана насыя алган он алты ишкерге элүү миң сом өлчөмдө жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады. “Берекет” базарынын кызматкерлери жана башка ишкерлер жапа чеккендерге 67 миң 823 сомду жардам ирээтинде берген. Базарды калыбына келтирүүгө сегиз жүз миң сом акча каржыланган. Жакын арада базар жетекчилиги жапа чеккен ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында марафон өткөрүлө тургандыгын маалымдады. Өрткө каршы кызматтын эксперттик лабораториясынын иликтөөлөрүнө ылайык, “Берекет” базары атайын өрттөлгөн деген тыянак чыгарылган. (ZMa)