Аталган агенттиктин координатору Нуржан Алымканова билдиргендей сынактын жыйынтыгында “Дүйнөлүк туризм сулуусу Кыргызстан-2007” сулуусу аныкталат. Мындан сырткары биринчи вице мисс, экинчи вице мисс сыяктуу бир нече аталыш боюнча сулуулар тандалат. Баш байгенин жеңүүчүсү болсо дүйнөлүк финалга жолдомо алат. Ал эми быйыл дүйнөлүк финал 27-октябрда Тайвань мамлекетинин Тайпей шаарында өтөт. Ага дүйнө жүзүнөн алтымыштан ашык мамлекеттин сулуулары катышат. Кыргызстандан бара турган катышуучунун кеткен чыгымдарынын баарысын “Витлайн” модел агенттиги демөөрчүлөрдүн жардамы менен каржылайт.
-Мындай сынактардын бир жакшы жагы, кээ бир агенттиктерден модель болууга сунуштар түшөт. Мына ошондой сунуштардын негизинде кыргыз кыздары чет элдик модель агенттиктери менен келишим түзүп, иштеп келишүүдө- дейт Нуржан Алымканова.
УТРК “Жылдыз жоокер” аттуу жаңы долбоор баштады. Ага көркөм өнөр адамдарынан он алты адам тандалып алынган. Театр ишмерлеринен, эстрада чеберлеринен турган мына ушул топ “Койташ” аскер бөлүгүндө он беш күн аскердик кызмат өтөшөт. Алар аскер кызматында кандай талап болсо, ошонун баарысын аткарышат. Долбоордун шарты боюнча катышуучулар эки топко бөлүнүшүп бири-бири менен жарышат. Кайсы топ кызматты ийгиликтүү өтөп, берилген тапшырмаларды так аткара турган болсо, аларга жүз миң сом акчалай сыйлык ыйгарылат. Ал эми катышуучулардын көпчүлүгү жаштар.
Долбоор август айынын башында жыйынтыкталат. Андан соң жалпы журтка көрсөтүлө баштайт. Бул долбоор менен катар эле Ысыккөл облусунун Кырчын жайлоосунда “Нукура кыргыз -2” теледолбоору тартылып баштады. Ал Орусиянын ОРТ телеканалынын “Соңку каарман” телеберүүсүнүн кыргызчасы. Үрп-адат, каада-салттарды даңазалоо, кыргыз элинин нукура жашоосун көрсөтүү максатында уюштурулуп жаткан бул долбоорго ар кайсы тармакта эмгектенген ишмерлерден жыйырмадан ашык катышуучу тандалып алынды. Эми алар “Кырчын” жайлоосунда эки жума болушуп, боз үйдө жашашат. Талапка ылайык катышуучулар эки топко бөлүнүшүп, кыргыз улуттук оюндарын ойношуп, даамдарын жасашып, жана башка ушул сыяктуу тапшырмаларды аткарышат. Оюндун жүрүшүндө бири-бирине добуш берүү аркылуу катышуучулар долбоордон четтетилип олутуруп, аягында бир жеңүүчү аныкталат. Ал эми ага атайын белгиленген жүз миң сом ыйгарылат. Күз айларында Бишкекте долбоордун жыйынтыктоочу концерти болот. Анда катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат. Ал эми жалпы журтка сентябрь айынан тарта көрсөтүлө баштайт.
“Кыргыз туризм” ассоциациясы Нарын облусунда кыргыз салттарынын жана ырым-жырымдарынын фестивалын уюштурууда. Иш-чаранын алкагында “кыз узатуу” , “сеп берүү”, “бешикке салуу”, “тушоо кесүү” сыяктуу улуттук каада салт, ырым-жырымдар көрсөтүлөт. Ошондой эле улуттук оюндар уюштурулуп, фольклордук ырлар тартууланат. Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор ошондой эле “Чатыркөл” жана “Ташрабат” кербен сарайына да барууга мүмкүнчүлүк алышат. Аталган ассоциациянын жетекчиси Анар Орозбаеванын айтымында фестивалдын катышуучулары негизинен чет өлкөдөн келген туристер. Себеби уюштуруучулар өткөрүлө турган маданий иш-чаралардын тизмесин алдынала интернетке жайгаштырып коюшат. Ал эми чет элдик коноктор мына ошол маалыматтарды карап эле, кайсы иш-чара көңүлүнө жакса өткөрүлүүчү күнүн тактап, ошол убакта келе беришет. Анар Орозбаеванын айтымында чет элдик коноктор көбүнчө кыргыз элинин жашоо-шартына кызыгышат. “Кыргыз туризм” ассоциациясы буга чейин да өлкөнүн ар кайсы аймактарында жергиликтүү тургундардын жана туристтердин катышуусунда кыргыз көркөм өнөрүн чагылдырган бир катар фестивалдарды уюштурушкан. Ал эми алдыда “Кыргыз фольклорунун” жана “Улуттук ашкана” фестивалын уюштурмакчы.