Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:57

19:00 Жалалабат облустук бийлигинде туризмге даярдыктын жүрүшү талкууланды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун туристтик жайларында быйыл эс алуучулар аз болууда. Эс алуучулардын келүүсүнө жолдордун начардыгы менен ал жайларды элге танытуу жана реклама иштери жакшы эмес. Чоң кишилер үчүн эс алуу жайлардын жолдомолору таркатылбай, жакыр жана турмушу начар үй-бүлөлөрдүн балдардын эс алуусу үчүн да каражат былтыркыдан 130 миң сомго кем бөлүнгөн. Эки баскычтуу бюджеттин айынын облус келишимдеги 200 миң сомду да бере алган эмес. Өкмөт тарабынан каражат кеч бөлүнгөндүгүнө байланыштуу, ушул жумага дейре профсоюздар федерациясы туристтик жайларды эс алуу жолдомолору менен камсыз кыла албаган. Облустун туризм жана соода бөлүмү Өзбекстан менен 20 келишим түзгөн. Былтыр облустун туристтик жайларында 17 миң адам эс алган. (YA)

XS
SM
MD
LG