Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:18

САРАНСКИДЕ ФИН-УГОР ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨГӨНДӨР ӨНӨРЛӨРҮН КӨРГӨЗҮШТҮ


Муса Мураталиев, Москва Мордовиянын борбор шаары Саранскиде мурунку аптанын бейшемби күнү фин-угор тилинде сүйлөчү элдер фестивалы өттү. Салтанатка келген конокторду Орусия жана Финляндия президенттери Владимир Путин менен Тарья Халонен, ошондой эле Венгриянын өкмөт башчысы Ференц Дюрчан куттукташты. Орусияда 20дан ашуун фин-угордук этнотоптор жашашат. Батыштык эл аралык уюмдар иликтөөсүндө кийинки жылдары орусиялык фин-угордук тилде сүйлөгөн элдердин тили менен маданиятынын өнүгүүсү кескин кыскарган.

Саранскиде ачылган «Шумбрат, Финно-Угория!» аталышындагы эл аралык фестивалды агенттиктер фин-угор тилинде сүйлөчү элдер тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөн жыйын болду деп айтышат. Ага Венгрия, Финляндия, Эстониядан тышкары орусиялык жумурияттык түзүлүшкө ээ: Мордовия, Удмуртия, Марый Эл, Карелия алардан сырткары Коми жана Ханты-Мансы автономдук округдарда жашачу элдер кирет.

Батыштык анализчилер баамында Орусияда саны жагынан аздык кылган элдер катарынан фин-угордук этностордун балдарын эне тилинде окутуу мүмкүнчүлүгү аз. Ал Кремлдин жер-жерлердеги башкаруунун эки тизгин бир чылбырын өз колуна алгандан соң начарлаган.

Апрелдин этегинде Таллиндеги Тынисмяги аянтынан советтик жоокердин айкелин көрүстөнгө көчүрүүдө чыккан чырдын кегинен болгондой болду дешет, айтор, Маскөөлүк бийлик Эстониянын президенти Тоомас Хендрикке «башыңыздын коопсуздугун кепилдей албайбыз» деп, келейин десе, келтирбей койгон. А кремлдик жаштар кыймылы - «Биздикилер» болсо бул жолу да фин-угор элдеринин жыйыны өтүп аткан Саранскиде чаң салышкан. «Азаттыктын» кабарчысы Игорь Телин айтканга караганда, Саранскиде автобустар токточу аялдамаларга эстонтуктарга каршы чакырык айткан баракчаларды чапташып, «Биздикилер» кыймылы элдерди кайраштырган. Ал гана эмес эстондуктарга ал жерде кыр көргөзүү да болгон. Аларды эмнеден улам милиция кармаганын ошол жерде өз көзү менен көргөн Галина Гельдяскина айтат:

- Жолугушууну ырасмий бийлик эле эмес эрзялык тилди куткаруу кору, башкача айтканда, көз карандысыз уюм даярдаган. Кайсы программа боюнча өткөрүүгө келгенде чыр чыкты. Эстондуктар ошол чырды камерага тарта башташты. Ошондон кийин аларды кармап кетти.

Тектеш тилдеги элдер өкүлдөрүнүн Мордовия жумуриятынын ордо калаасында жолугушуусуна башкы себеп – фин-угор тобун түзгөн элдер тагдырын Маскөөнүн эсине салып коюу болду дешет. Саны жагынан аздык кылган элдерине Кремлдин учурда жүргүзүп аткан саясаты алымсындырбай тургандыгын айтышат. Мындай ойду, маселен, адам укугун коргоочу Валерий Калабугин айткан:

- Саны жагынан аздык кылган элдер жылуу жумшак өчүп, өзүнөн өзү жоюулуу жолунда баратат. Бул советтик кезден тартып уланып келаткан көрүнүш. Бирок Горбачев менен Ельциндин тушунда ал саал басаңдаган. Эми ал кайрадан күч алды. Ошол себептүү орусиялык фин-угордук этностор азыр, куду советтик кездеги Эстония, Литва жана Латвия башынан өткөргөн кысымды өткөрүп атышат.
XS
SM
MD
LG