Тыңчылык кылган деп шектелип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан парламент кызматкери Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кайрылуу шаардык сотко жолдонот. Бул туурасында Адам укуктары боюнча президенттин алдындагы комиссиянын башчысы Турсунбек Акун «Азаттыка» билдирди. Укук коргоочу эртең Жыпаргүл Арыкованын адвокаты менен жолугуп шаардык сотко кайрылуунун юридикалык маселелерин талкуулашат. Буга чейин ушундай эле кайрылууну Биринчи Май райондук соту канааттандырган эмес. Турсунбек Акундун пикиринде, 19-июндан бери УКМКнын тергөө абагында Арыкованын ден соолугу начарлап кеткендиктен сотко чейин Арыкованы абактан «үй камакка» которуу керек. (SKz)