Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун айтымында, Кыргызстандын аймагына келген чет өлкөлүк жарандар “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамды сактоосу зарыл. Аталган мыйзамдын сакталышына көзөмөл кылуу райондук, шаардык, облустук ички иштер бөлүмдөрүнө тапшырылды. Мыйзамга ылайык Кыргызстандын аймагына келген чет элдик атуул же жарандыгы жок адам токтогон жерин, жашаган дарегин көрсөтүп беш күндүн ичинде райондук ички иштер бөлүмдөрүнөн каттоодон өтүүсү керек.
Ал эми президенттин, өкмөттүн, Жогорку кеңештин чакыруусу менен келүүчү мамлекет жана өкмөт башчылары, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик, парламенттик делегациялары, аларды коштогон административдик-техникалык кызматтын чет элдик паспорттору каттоодон бошотулат. Ошондой эле чет элдик аскерий учактардын, эл аралык аба учактардын экипаждарынын паспорттору каттоодон өтпөйт.
Европанын бир катар өлкөлөрүнүн, АКШнын Кыргызстандагы жарандарынын мөөнөттөрү 60 күндөн ашпаса каттоодон өтүшпөйт, эгерде 60 күндөн ашып кетсе жашаган дарегине жараша каттоодон өтүүсү зарыл.
Азербайжан, Армения баш болгон КМШнын бир катар өлкөлөрүнүн, Кытай, Куба, Малайзия, Македониянын жарандары кызматтык жана туристтик максатта Кыргызстанга келишсе бир ай, Молдова менен Монголияныкы үч ай, Чехия, Украина, Япониянын атуулдары эки ай, Россия менен Казакстандын жарандары 90 күн мөөнөт менен Кыргызстандын аймагында жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгерде алардын мөөнөтү өтүп кетсе жашаган жерлерине ылайык токтоосуз ички иштер бөлүмдөрүнөн каттодон өтүшөт.
Ал эми Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын аймагына визасыз 60 күн кирип-чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгерде 60 күндөн өтүп кетсе, мыйзамга ылайык виза ачтырышы керек.
Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамкомитеттин жетекчиси Айгүл Рыскулованын пикиринде өлкө аймагында мыйзамсыз жүрүшкөн чет элдик жарандар бар. Ошого байланыштуу аталган комитет тиешелүү укук коргоо органдары менен “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдын аткарылышына көзөмөл кылуу маселесин колго алды:
-Бул маселе боюнча аракеттер көрүлүүдө. Жеке эле биздин комитет эмес, тартип коргоо органдары, чегара кызматы жана тиешелүү мекемелер менен бирге иш жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандын аймагында соода-сатык кылышкан кошуна мамлекеттердин жарандары ШКУнун жыйыны башталаар алдында укук коргоо органдарынын текшерүүсүнөн чочулашууда, дейт Бишкекте убактылуу жашаган тажик жараны Кадыр.
-Саммит жакындаганда документ текшерүү күчөтүлүп, чегара жабылат деген айың кеп бар.Буга байланыштуу “Дордой” базарына Тажикстандан келип соода кылгандар убактылуу соодаларын токтотуп турууну көздөп жатышат.
Анын айтымында, укук коргоо органдары тарабынан азырынча чет элдик жарандарга эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата Ички иштер министрлиги коопсуздукту камсыздоо боюнча оперативдүү штаб түзүп, алдын ала иш чараларды көрүү үчүн атайын комплекстүү план иштеп чыкты. Ошондой эле чегара кызматынын маалыматына караганда саммит башталаарга он күн калганда Бишкекке жана Чүй облусуна сырттан кирүүгө чектөөлөр киргизилет.