Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

8:35 “Жебе” жаштар кыймылы билдирүү таратты

Анда кыймыл “Манас” күмбөзүнүн жанында жүрүп жаткан казылууларга тынчсыздануусун билдирет. “Күмбөздү казуу-Меккени,Фудзияма тоосун жана ушул сыяктуу жерлерди казуу деген сөз. Дегеле Теңир мээрими түшкөн мындай ыйык, сырдуу жерлерди ачуу, казуу өзү менен кошо казгандарга, каздыргандарга кескин терс таасирин тийгизээри айдан ачык. Кыргызстандын руханий жана тарыхый баалуулугу болгон Манас күмбөзүнүн жанындагы казуулардын тезинен токтотулушун талап кылабыз” деп айтылат билдирүүдө. “Жебе” кыймылынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, эгерде бийлик өкүлдөрү кандай негизде “Манас” күмбөзүнүн жанындагы казууларга жол бергенин түшүндүрбөсө, анда кыймыл нааразылык чараларын өткөрөт. “Эгерде биздин талапка бийлик өкүлдөрү көңүл бурбаса, ШКУнун саммити учурунда биздин кыймыл коомдук жайларда нааразылык акцияларын өткөрөт”,-деди жаш саясатчы Жоомарт Сапарбаев. (ZMa)
XS
SM
MD
LG