Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

ЖАН СЕРГИТКЕН ЖАШ ЫРЧЫ


«Ар бир мезгилдин, доордун өзүнүн ырчысы, аткаруучусу бар» дегендей азыркы кездеги элдик салтык музыканын ыр жанрынын сакталышы, өсүп өнүгүшү, калкка жайылышы үчүн күн тынымын коюп, түнкү уйкусун үч бөлө эмгектенип келе жаткан жаш ырчынын бири, эл аралык, республикалык сынактардын, фестивалдардын лауреаты Кундуз Таштаналиева.

Ал өзү теңдүү ырчылардай эстраданын артынан сая түшпөй нукура кыргыздын ыр, чыгармачылыгын туу тутуп, бүтүндөй алган билимин, жаркын шыгын, күлгөңдөй өмүрүн ырга арнап келүүдө. Кундуз беш жылдын ичинде жумурай журтка келечеги кең туубаса шыкка бай ырчы катары таанылды. Кыргыз улуттук консерваториясында окуу менен бир эле мезгилде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамблинде ырчы болуп иштейт. Жакында болсо жаш шайыр Улуттук консерваториянын салттык музыка бөлүмүн профессор Улукмырза Полотовдун классынан ийгиликтүү бүтүрдү.

- Кундуз бийкеч, жакында жогорку билимдүү ырчылык, кесипке ээ болдуң. Дипломуң кут болсун. Бүгүнкүдөй профессионал ырчы болушуңдагы тушооңду ким кести эле. Эгерде эсиңде болсо балалыктын балдай таттуу күндөрү эстей отуруп, угармандардын алдына алгачкы жолу ырдап чыккан ырыңды аткарып берсең?

- Ырахмат. Жакшы суроо экен. Эң биринчи жолу колума комузду карматып алфавиттеги “А” деген тамгасы, нотанын эң биринчи кылдарын тердирип үйрөткөн атам болду. Ал эми эң биринчи жолу ошол кездеги жаш балдардын арасына кеңири тараган “Карагат” аттуу ыр эле. Андан кийин залкар комузчу, обончу, ырчы Шекербек Шеркуловдун “Таласым” аттуу ырын ырдап жүрдүм. Мен көбүнчө ата-энемдин, бир туугандарымдын арасында ырдачумун. Ал эми эл алдына эң биринчи жолу комуздун коштоосунда ырдап чыккан ырым “Карагат” деген ыр эле. Бул ырды жаңылбай ырдап сахнадан түшүп кеткен элем. Ошол кезде 7-8 жашта болчумун. Эми балалык кезимди эстеп “Карагат” аттуу ырдан бир-эки сабак ырдап берейин.

Биздин тоодо карагат,
Бышып турат салалап.
Жегин эле келтирип,
Жеген сайын аралап,
Карагат, карагат,
Карамончок карагат.
Карагат, карагат,
Карамончок карагат,- деп ырдар элем.


- “Карагат” аттуу ырдан кийин калың элдин алдына алгачкы жолу ырдап чыкканда өзүңдү кандай сездиң?

- Калың элдин алдына өзүмдүн чоң атам Жакып Таштаналиев менен чогуу ырдап чыктым. Ал өзүнүн “Таластын суусу шар агат” аттуу ырын ырдап чыкты. Ырдаардын алдында көптөн бери ырдай элек элем деп аябай толкунданып үн таптап атып ырдады. Мен болсо үнүмдү таптабай эле комузумду кармап алып чоң атам менен кошулуп ырдайм деп ээрчип жүрөм. Ошол кезде Таластын суусунун жээгинде көп эл катышкан “Ыр кесе” болуп калды. Ошондо микрофондун алдында алгачкы жолу ырдадым. Микрофон эмне экенин билдим. Ошондо чоң атам менен Ш.Шеркуловдун "Таласым” аттуу ырын ырдап чыктым. Эми ошол “Таласымдан” бир куплет ырдап берейин.

Токойун бойлоп баратсам,
Суктантып мени караткан,
Алыстан келген ыдымды
Кеткиси да келбейт Таластан,- деп ырдаган элем.


- Чоң атаң кыргыз элине белгилүү обончу, ырчы, комузчудан болуптур. Маркумдун сага болгон мамилеси, баасы кандай эле?

- Кептин ачыгын айтсам чоң атам бул кыздан бирдеме чыгабы, чыкпайбы деп анча деле жактырчу эмес. Себеби өзүнүн чыгармачылык жолу өтө татаал болуптур. Ошондуктан ушул кыздан бир нерсе чыгабы, чыкпайбы деп күмөн санаса керек. Алгач ошентип жакшы көңүл бурбай жүрчү. Кийин өзү менен жарыша ырдап, анан Таласка барып 1997-жылы “Мээрим” фондусу уюштурган “Жаш таланттардын” республикалык фестивалында дастан боюнча экинчи байгени жеңип алдым. Ошондо чоң атам “Кудай буюрса мен өлбөпмүн” – деп аябай сүйүнүп козу союп, бир туугандарын чакырып, түлөө өткөрүп, чоң атам ак батасын берген эле. Ошол күндү, ошол учурду ар дайым эскерип толкунданам. Анан элине калтырып, кеткен ырларын жаттап концерттерде, отуруштарда ырдап жүрөм. Ал эми мен өңдүү жаштар чоң аталарынын, аталарынын чыгармаларынан билбегендерине таң калам. Мен чоң атамдын ырларын алып калганыма, ырдаганыма сыймыктанам. Мен концерттеримди чоң атамдын ыры менен бештайм. Себеби мага ал дем, кубат, күч берет.

- Эми Кундуз чоң атаңдын ырынан бирди аткарып берсең?

- Макул, өзүмө жакан бир жакшы ыр бар. Кийин уксам чоң атам азыркы эле чоң апама арнап чыгарыптыр. Анда эмесе чоң атамдын “Карап турдум жолуңду” аттуу ырын аткарып берейин.

Ал кезекте сен тентек кыз секелек
Мен да бала сүт оозумдан кете элек.
Орок менен үй куруп,
Жаңы гана көчүп келдик дечү элек,
Жар бооруна орок менен үй куруп,
Жаңы гана көчүп келдик дечү элек.

Кемпир десем мен колуңдан жетелеп,
Белим ий деп сен да мага эркелеп,
Чалым байкуш чарчады деп жумуштан,
Чай кайнаткан күндөр эстен кете элек.

Коштошоордо коомай кармап колумду,
Сагынба деп санга бөлдү оюмду,
Өткөн күңдүн эстелиги ушул деп
Карап турдум караан үзгөң жолуңду
Өткөн күндүн эстелиги ушул деп,
Карап турдум караан үзгөң жолуңду.


- Кундуз бийкеч, мына сен көптөгөн обончулардын, композиторлордун ырларын ырдап жүрөсүң. Ошолордун ичинен ушунчалык сөзүн, обонун жактырган обончуң болсо ошол шайырдын ырынан аткарып берсең?

- Жети жылдан бери консерваториядан билим алдым, жакында бүттүм. Ушул жети жылдын ичинде көптөгөн залкар шайырлар менен тааныштым. Чыгармаларын үйрөңдүм. Ырдап келатам. Мен ага аябай сыймыктанам. Алардын ичинен өздүк репертуарымда Муса Баетовдун, Атай Огомбаевдин, Мыскал Өмүркановдун, Жумамүдүн Шералиевдин, Бектемир Эгинчиевдин ж.б. көптөгөн шайырлардын ырларын ырдап жүрөм. Булардын ичинен Атай Огомбаевдин «Күйдүм чок» аттуу ыры. Азыр ошондон үзүндү аткарып берейин. Сөзү, обону Атайдыкы.

Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок,
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан жайлоо деген бийик бел,
Кар жааса согот муздак жел,
Кайрыма жака, кош этек.
Кадырды билсең өзүң кел,- деп Атай атабыз түтөп ырдаптыр.


- Кундуз бийкеч, мына ушундай залкар обончулардын ырларын ырдап жүрүп, акыркы кезде өзүң да обон чыгара баштадың. Обон чыгарышыңа эмне себепчи болду деп ойлойсуң?

- Мен обон чыгарып калышыма көптөгөн себептер бар. Биринчиден чоң атамдын таасири тийди деп эсептейм. Себеби ал сөзүн да өзү жазып, өзү обонун чыгарган. Чоң обончу, комуз чапкан залкар шайыр болгон. Экинчиден көптөгөн элдик чыгармаларды уктум. Көптөгөн ырларды аткардым. Ошондон улам өзүңө шык келет экен. Айрыкча жакшы ырларды көргөндө, окуганда өзүм обон жазгым келип, эргип обон чыгарып жүрөм. Азыр болсо өзүм урматтаган, сыйлаган көрүнүктүү акын Шайлообек Дүйшеевдин “Сакта” аттуу ырына чыгарган обонумдан үзүндү аткарып берейин:

Ээ, эй, каректи жапкан тумандан сакта,
Каргышы тийер курандан сакта,
Каргадай кезде койнуңда жүрүп,
Чак түштө чаккан жуландан сакта,
Дудуктун тапкан жообунан сакта,
Душмандын баккан сообунан сакта,
Баарынан дагы бирөөнүн
Жалгыз баласын баскан оорудан сакта.


- Ырахмат Кундуз бийкеч. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
XS
SM
MD
LG