Он киши кармалуучу бөлмөлөрдө элүүдөн адам оор шарттарда кармалууда. Ал жердин санитардык-гигиеналык абалы азыркы талаптарга жооп бербейт. Убактылуу кармоочу жайга бюджеттен атайын акча каралбагандыктан, алар камактагыларга жергиликтүү ашканалардан карызга тамак-аш алышып, бүгүнкү күндө карызы1 40 миң сомдон ашкан. Бул тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ички иштер минстрлиги тез арада Чолпонатадагы убактылуу кармоочу жайдын коопсуздугун камсыз кылууну жана аталган министрликтен, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүнү колго алуусу зарыл. Исмаилова Түптөгү убактылуу кармоочу жайдын да абалы начар экенин, учурда Караколдогу убактылуу кармоочу жайда аталган укуктук борбор байкоо жүргүзүп жатканын билдирди.(AJ