Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

КУМТӨР БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН НАТЫЙЖАСЫ КАНДАЙ?


Бишкекте өткөн жумада Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен Камеко корпорациясынын ортосунда сүйлөшүүлөр соңуна чыкты. Анда кыргыз тарап 2003-жыл 31-декабрдагы келишимди кайра карап чыгууну сунуштады. Канадалыктар сунуштарды карап чыгуу үчүн Торонтого жөнөп кетти. Бишкек бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кумтөр кенинен көбүрөөк пайда көрүүнү көздөөдө.

Юстиция министри Марат Кайыповдун билдирүүсүнө караганда, Бишкекте канадалыктар менен сүйлөшүүнүн экинчи бөлүгү соңуна чыкты. Анын биринчи бөлүгүн жыл башында мурунку биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жүргүзгөн. Эми үчүнчү бөлүгү Бишкекте, же Канадада болушу күтүлүүдө.

-Сүйлөшүүлөрдө жакшы эле жылыш болду.Бирок биз алар берген сунушка макул болгон жокпуз. Биз өзүбүздүн сунушубузду берип койдук. Ошолорду алар иликтеп, карап чыгууга кетишти. Эми күтөбүз,-деди Марат Кайыпов.

Марат Кайыпов сүйлөшүүдө коюлган талап-сунуштар тууралуу деталдаштырып айтууга азырынча болбосун, анткени сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгиледи.

Маалым болгондой канадалыктар менен сүйлөшүүгө Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары да катышууда. Алардын бири парламенттин алтын комиссиясынын мүчөсү Арслан Малиев. Депутат сүйлөшүү тууралуу азырынча эч нерсе айта албасын, бирок кыргыз делегациясы ага жакшы даярдык көргөндүгү байкалганын белгиледи:

-Азырынча эч нерсе айта албаймын. Анткени сүйлөшүү бүтө элек. Бүткөндөн кийин айтабыз. Биздин делегация жакшы даярданып, сүйлөшүүнү кесипкөйлүк менен алпарып жатат. Абдан ишти билгендик менен сүйлөшүүнү алып барууда.

Геология жана минералдык ресуртар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Владимир Зубковдун маалымдоосуна караганда, канадалыктар менен сүйлөшүүдө Кумтөрдөгү кенинин корунун өлчөмү боюнча да талкуу жүрүүдө:

-Сүйлөшүүдө кендеги биздин ресурстарыбыз туура эмес, же азыраак өлчөнүп калганын көрсөтүп жатабыз. Маселен, быйылкы жылдын 1-январына карай Кумтөрдө казып алууга даяр, далилденген 130 тонна алтын бар экендиги белгилүү. Бирок андан сырткары геологиялык иликтенген, божомолдонгон алтын кендери бар да. Мына ошолор боюнча адистер ортосунда талкуу, талаш-тартыш жүрүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, сүйлөшүүдө кыргыз тарап 2003-жылдын 31-декабрындагы келишимди кайра карап чыгып, анын натыйжасында 500 миллион долларга жакын каражатты төлөп берүүнү сунуштап жатат. Ал эми канадалыктар 300 миллион доллардын тегерегинде сумманы төлөп берүүгө макул болууда.
Эгерде тараптар төлөнүүчү сумма боюнча орток пикирге келе албаса, анда соттошууга барышы ыктымал.

Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, соттошуу болсо, кыргыз тарап 2003-жыл 31-декабрдагы келишимдин коррупцияланган келишим экенин далилдеш керек. «Чындыгында ал келишим коррупциялык болгон жана бул ишке байланыштуу мурунку премьер-министр Николай Танаев жооп берүүгө тийиш» деп белгиледи Дүйшеев.

Мурда маалымдалгандай канадалыктар менен Кумтөр боюнча сүйлөшүүнү Бишкекте каржы министри Акылбек Жапаров башында турган жумушчу топ жүргүздү. Сүйлөшүүлөр 16-июлда башталып, үч күнгө созулду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG