Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

17:32 Унаа бекетти көчүрүүгө каршы болуп Өзгөн райондук бийлигине жүздөй адам чыкты


Алар Өзгөн райондук жана Өзгөн шаардык бийликтеринен Ош-Бишкек жолундагы автобекетти башка жакка жылдырбай, ордунда калтырууну талап кылышты. Шаардын төмөн жагында орун алган жаңы унаа бекет борбордук базардан кыйла алыс болгондуктан карапайым эл үчүн ыңгайсыз экендигин билдиришти. Унаа бекетти көчүрүү жөнүндөгү райондук бийликтин чечимдерин жокко чыгарууну өтүнүштү. Элдин талабы менен райондук бийликтин автостанцияны башка жакка көчүрүү жана унаа каражаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү буйрук убактылуу токтотулду. (YA)

XS
SM
MD
LG