Режиссер Эрнст Абдыжапаров кечээ маалымат жыйынында, “Манас” күмбөзүнүн жанындагы казууларды өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жетектеп жатат деген оюн билдирди. Анын айтымында, Кароол дөбө тоосунун алдында төрт миң тоннага жакын алтын бар. “Эмне үчүн казуулар жашыруун башталды? Бул алтын кыргыз элинин руханий жана материалдык байлыгы”,-деди Эрнст Абдыжапаров. (ZMa)
8:30 Э. Абдыжапаров: Грузиянын жарандары “Манас” күмбөзүнүн аймагында алтынды казып алуу иштерин жүргүзүп жатат