Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

8:40 Камбарата-1,2 ГЭСтерине алып келе турган жалгыз жол тазаланууда


«Электр станциялары» ААКсы уюмунун жана «Нарын ГЭСи» Акционердик коомунун адистери Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСи курула турган жерге алып келүүчү жалгыз жолду тосуп калуу ыктымалдыгын пайда кылган жер көчкү коркунучтарын жоюуга киришти. Нарын дарыясынын нугунда көлөмү бир миллионго жакын кубметрлик аска таштарынан турган ири көчкү пайда болгон. Ал транспорт жолун келечектеги ГЭСтердин курулуш базаларын транспорт жолунан ажыратып салышы мүмкүн. Учурда жумушчулар таштарды атайылап түшүрүүгө киришип, дарыя тараптан жол таш менен бекемделүүдө. Бул жылы 250 миң кубметр жер көчкүнү тазалоо иштери болжолдонуп, ага 25 миллион сом бөлүнгөн. (ZMa)

XS
SM
MD
LG