Тажикстандын бийликтери соңку жарым жылда “Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөсү” деп шектелген жети адамды камакка алышканын кабарлашты. Тажикстандын ички иштер министрлиги билдиргендей, алар чын эле Дүйшөмбү шаарындагы базарлар менен дискотекаларда террор актыларын жасоону пландаштырып жүрүшкөнүн мойнуна алышты.