Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

ТАЖИКСТАН ДИНИЙ УЮМДАРДЫ КАТТООНУН ТАЛАПТАРЫН КАТААЛДАТУУДА


Айгүл Жунушалиева,Прага Ушул таптаТажикстан өкмөтү диний уюмдарды каттоодон өткөрүү жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун караштырып жатат. Ал боюнча мамлекеттик каттоодон өтүүнү каалаган диний уюмдарга жаңы, мурдагыга караганда катаал шарттар каралган. Диний уюмдардын өкүлдөрү болсо муну алардын укуктаранын бузулушу катары эсептейт.

Тажик өкмөтүнө Маданият министрлиги тарабынан сунушталган мыйзам долбоору боюнча, каттоодон өтүүнү каалаган диний уюмдун мүчөлөрүнүн саны 1200 дөн кем болбошу керек. Ошондой эле уюмдун өкүлдөрү эл аралап өз дини тууралуу маалымат таратуусуна тыюу салынат. Каралып жаткан мындай өзгөрүүлөргө өлкөдөгү диний азчылыктар дароо жооп кылып, орто эсеп менен 20 дай протестанттык уюм жана Бахаилер тобу президент Имомоли Рахмонго кайрылуу жолдошту.

“Жаңы мыйзамдагы шарттар боюнча адамдын тигил же бул динди калк арасында жайылтуу аракеттери мыйзамсыз деп табылат, башкача айтканда мамлекет келечекте адамдын диний көз караштары үчүн аны куугунтукка алат” деп жазылат ал кайрылууда.

Ушул тапта Тажикстанда негизги деп эсептелген ислам муфтиятынан тышкары 85ке чукул ар кандай диний уюм каттодон өткөн. Алардын көбү мисалы Иегова өкүлдөрү өңдүү христиан азчылыктары.

Жергиликтүү тургундар ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрү көчөлөрдө, же үймө-үй кыдырып өз катарына башкаларды тартуу аракети аларды тажатып, кээде кыжырга да тиээрин айтышат.

“Алар көчөдө кетип бара жатсаң токтотушуп өздөрүнүн китепчелерин беришет. Кээде үйүңө келип алып ар нерселерди айтып, убакытты алышат. Укпай койсөң эртеси да келиши мүмкүн. Алардын көбү аялдар",- дейт Мунира Раджабова.

Тажикстандын Маданият министрлигинин дин иштери боюнча бөлүм башчысы Иддизбек Зиеевдин айтымында диний уюмдардын көбү мыйзамдарды аткарышпайт:

«Жакында Иегова өкүлдөрү тарабынан өлкөгө 20 тоннадан ашык ар кыл диний темалагы китептер жөнөтүлүптүр. Мыйзам боюнча алар бул тууралуу бизди кабардар кылышы керек эле.»

Ал эми серепчилердин жоон тобу жаңы мыйзамдагы шарттар Конституцияга ылайык келбейт жана диний азчылыктардын кызыкчылыктарын чектейт деген ойдо.

Мындай пикирди диний иштер боюнча комиссиянын мурдагы жетекчиси Саид Ахмедов да бышыктайт:

«Мыйзам чынында эле салтту эмес диний багыттардын өкүлдөрүнүн укуктарын бузат. Анткени баш мыйзам боюнча ар бир адам каалаган динди тутууга укуктуу. Демократия жолу менен бара жаткан өлкө мындай мыйзамдарды кабыл албашы зарыл».

Аталган мыйзам долбоор ар тараптуу изилденип, андан соң парламентке жөнөтүлөт. Ал эми христиан динин туткан тажик аялынын айтымында мыйзам кабыл алынган күндө деле башка динге өткөн адамдарды ал эч токтото албайт:

«Мени башка динге өт деп эч ким кыйнаган эмес. Христиан динине өтүүнү чечкенде менин үйүмдө чыр-чатактар башталган. Туугандарым мени сындап, жолдошум болсо балдарды алып кетип калган. Мен болсо балдарымды кайра кайтарып алдым. Эми алар да христиан динин тандап алышты».

Ал эми Кыргызстан тууралуу кеп сала турган болсок, ушул тапта өлкөдө каттодон өткөн 360 христиан багытындагы диний уюмдар бар, алардын үч жүзү протестант жана башка жаңы диний агымдар.

Учурдагы мыйзамга ылайык, эгерде 10 адам биригип, диний уюм түзөбүз десе эле жетиштүү, ал диний уюм катары агенттиктен каттодон өтөт.

Серепчилер ар кыл диндердин, анын ичинде тоталитардык багыттагы диндердин таасири күчөп, аларды ээрчиген адамдардын көбөйүп бараткандыгына тынчсыздануу билдирип келишет.

Андыктан Кыргызстанда дагы диний уюмдардын каттоо тартибин күчөтүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү үчүн жумушчу топ иштеп жатат дейт Канатбек Мурзахалилов:

«Эң алгач биз Кыргызстандын кызыкчылыктарын жана бейпилчилигин коргоону көздөп жатабыз. Жаңы диний уюмдар биздин менталитет, салт-санаабызга көңүл бурбай, ар кандай конфликтер болууда. Андыктан биз жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуудабыз. Аларга ылайык, диний уюм түзүү үчүн бириккен адамдардын саны 200 дөн кем эмес болушу керек жана алар Кыргызстандын аймагында кеминде 10 жыл жашаган тургундар болушу зарыл».
XS
SM
MD
LG