Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

10:06 Миграция боюнча мамкомитет Борбор Азияда эмгек миграциясын жөнгө салуу долбоорун сунуштады


Анын алкагында чет өлкөдө жүргөн кыргыз мигранттарына укуктук жардам көрсөтүлүп, ички жана тышкы мигранттардын саны такталат. Долбоорду ишке ашырууга министрликтер жана мекемелердин өкүлдөрү катышат. Беш жумушучу топ түзүлүп, миграция жаатындагы мыйзамдарды иликтеп чыгат. Негизги проблемаларды эске алуу менен мыйзамдарга жана нормативдик акттарга керектүү түзөтүү жана кошумчаларды киргизүү сунушталат. Эки жылдык долбоорду Миграция боюнча эл аралык уюм ишке ашырып, акчалай жардамды Евробиримдик көрсөтмөкчү. Эмгек миграциясы боюнча бул долбоорго коңшу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусиянын тиешелүү мекемелерин тартуу пландаштырууда. (JTo)

XS
SM
MD
LG