Маалыматка караганда сот жараяны жабык эшик артында өтүүдө. Кемин районунун тургуну Назарбек Жамантаев Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Бермет Акаеванын шайлоого байланыштуу ишин райондук сот 24-апрель түнү карап жатканда чыр-чатак уюштурду, делип айып тагылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. (AJ)