Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

ИШКЕРДИКТИ ИРИТКЕН ТОСКООЛДУКТАР КАЧАН ЖОЮЛАТ?


Президент ишкерликке уруксат берүүчү жана тескөө системасын өзгөртүү боюнча жардыкка кол койду. Бул системаны жеңилдетүүнү көздөгөн бул жардыкты ишкерлер колдоого алууда. Ошол эле мезгилде чакан ишкерлердин, соодагерлердин кызыкчылыгына доо кетире турган алкоголь тармагына байланыштуу мыйзам да жакын арада кабыл алынды.

Уруксат-берүү жана тескөө системасын өзгөртүүгө мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда да аракет жасалган. Анда ишкерликке уруксат берүүнү жеңилдетүүчү «Бирдиктүү терезе» системасы киргизилген. Бирок бул системанын иштебей жатканын чакан иш ачууну көздөгөн атуулдар белгилеп келатат. Маселен, шаарда ишкерлик кылууну, ал үчүн чакан курулуш жүргүзүүнү көздөгөн атуул жергиликтүү тургундардан баштап, мэрия, акимчилик, архитектура, санитардык эпидемиологиялык кызмат, энергетика, жер комитети, салык, алкоголь тармактары, көрктөндүрүү комбинаты жана башка органдардан уруксат алыш керек. Бул органдардан уруксат алуу учурунда алардын ичинде бир канча макулдашуулар, кол койдуруулар, аз эмес төлөмдөр талап кылынат. Ансыз документ, демек иш алдыга жылбайт. Ал эми азык-түлүк, же башка продукция өндүрүү иши болсо, анда кошумча дагы башка органдардын макулдугу, уруксаты талап кылынат.

Президент тарабынан кол коюлган жардык мына ушул уруксат берүү жана тескөө системасын жеңилдетүүгө багыт алган. Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин башчысы Чыныбай Турсунбаев жардыкка карата мындай пикирин билдирди:

-Албетте бул ишкерлер үчүн жакшы кабар болуп атат. Ар бир министрлик, тармактын уруксат берүучү, тескөөчү жоболору бар. Ошолордун негизинде уруксат берет жана жөнсүз текшере берет. Мына бүгүнкү күндө мына ошол жоболордун баштары баталгага коюлуп, алар боюнча мындай маселе коюлуп жатат. Эгерде сен ушул уруксат берүү, тескөөнү жөндүү десең, анда жүйөөлөрүңдү көрсөт, ал өлкөнүн экономикасы үчүн чындап эле пайдалуу болсо калтырабыз. Пайдасыз болсо алып салабыз деген формула иштей турган болуп жатат.

Чыныбай Турсунбаевдын айтымында, муну менен ар бир министрлик өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн киргизилген жоболордон айрылат.

Жардыкка ылайык өкмөт бир айдын ичинде тескөөчү нормативдик актыларды талдоонун ыкмасын иштеп чыгат. Андан сырткары эки айдын ичинде ишкерликти тескөөчү укуктук базаны өркүндөтүүчү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке жолдойт.
Тескөөчү нормативдик-базаларды жана органдардын ишин талдоо иштерине ишкерлер сөзсүз тартылып, мамлекеттик органдар алар менен макулдашууга тийиш.

Бирок ишкерликти бир жагынан ушинтип жеңилдетүү менен экинчи жагынан аны кыскан чечимдер да кабыл алынууда. Маселен, алкоголь ичимдиктерин сатуу, сактоо жана өндүрүүгө байланыштуу жакында кабыл алынган мыйзам чоң дүкөндөрдө гана алкоголь ичимдиктерин сатууга уруксат берет.

- Бул эреже чакан ишкерлердин кызыкчылыгына каршы келет,- дейт Турсунбаев.--Мен ишкер катары мындай тоскоолдуктардын баарына каршымын. Бардык дүкөндөрдө, кичинесинде да, чоңдорунда да ичкилик, башка нерселерин да сатылыш керек. Бир жагынан тоскоолдуктар алынып жатат. Экинчи жагынан ар кандай шылтоолор менен ушундлай тоскоолдуктар киргизип жатат. Бул мыйзам рынок экономикасынын шарттарына да туура келбейт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG