Аталган эл аралык уюм менен иштешкен “Нуржол-1” бейөкмөт уюму адам сатуу маселесине кабылып, жабыркаган адамдар менен иш алып барып, аларга укуктук, материалдык жактан көмөктөшүп келүүдө. Буга чейин адам аткесчилигинен жабыркаган жыйырмага чукул адам кайрылып, жардам сурашкан. 24-июлда Миграция боюнча эл аралык уюмдун түндүк региону боюнча координатору Халида Ракышова Нарында болуп, кезектеги жардамын тапшырды. Жабыркаган адамдарга жеке ишин баштоо үчүн акча каражаты берилди жана дарыланууга кеткен чыгымдар төлөнө турган болду. (JI)