Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жертөлөсүндө камакта отурган Жогорку Кеңештин кызматкеринин ден-соолугу барган сайын начарлоодо. Онкологиялык борбордо каттоодо тургандыгын эске алганда, Жыпаргүл Арыкованы тез арада камактан чыгарып, дарылануусуна шарт түзүү зарылдыгы турат.
- Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун токтомуна макул эмес арызымды келтиргенимде, буга ден-соолугунун начарлашы, апасынын экинчи топтогу майып болгондугу, көпчүлүк депутаттардын каникулда болгондугу, 8-9 депутаттын кепилдик беришин толук негиз деп эсептейт элем,- дейт Жыпар Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиева.
Буга чейин адвокат Касымалиева айыпкер Ж. Арыковага ырайым кылууну сурап президент Курманбек Бакиевге кайрылган. Бирок, жооп ала элек. Анын алдында президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун Жыпаргүл Арыкова отурган жертөлөдө болуп, анын акыбалы менен таанышып чыккан. Укук коргоочу айыпталуучунун саламаттыгын эске алып, баш коргоо чарасын өзгөртүү зарыл деген көз карашты карманууда.
Адвокат депутаттар тобунун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча даярдалган катка макулдук беришин ушул аракеттердин тыянагы катары эсептеди. Кол койгон депутаттардын катарында Дооронбек Садырбаев, Каныбек Иманалиев, Кабай Карабеков, Азимбек Бекназаров, Мелис Эшимканов, Рахатбек Ырсалиев, Таирбек Сарпашев, Карганбек Самаков бар.
Бул аралыкта мамлекетке чыккынчылык кылды деген себеп менен камакка алуу фактысы айрым саясатчылардын кескин сынына кабылууда.
- Ал бир чоң кылмыш кылбаса. Кыргызстанда бир чоң аскердик заводдору болбосо. Иштеп атат дегендей бир демени жасашты го. Жашыруун бир кагазды алды дегенге ишенбейм. Бизде бир кызыктар көп да. “Бөрк ал десе баш алып” дегендей, - деди депутаттардын бири, «Акшумкар» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Султан Урманаев.
Жыпаргүл Арыкованы Коопсуздук комитети сыр катылган документтерди чет өлкөлүк жаранга берүүгө аракет кылды деген доо менен 19-июнда камакка алган. Кийинчерээк Коопсуздук комитетинин бул аракети түшүнүксүз бойдон калып жаткандыгын Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов баштаган бир топ депутаттар белгилешип, Жогорку Кеңеш мамлекеттик сыр сактай турган мекеме эместигин билдиришкен.
Сүрөттө: Ж. Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиева