Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:04

10:35 Бишкекте жапон текстилине арналган көргөзмө уюштурулат


“Жапон текстили бүгүнкү күндө” жана “Рабат” деп аталган Кыргыз-Жапон биргелешкен көгөзмөсү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейи тарабынан уюштурулууда. Аталган көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 26-29-июлунда өтөт. Көргөзмөдө миниатюрадагы текстиль, живопись, графика, айкелдер, декоративдик колдонмо искусствосу, керамика, балдардын сүрөттөрү жана кыргыздын заманбап кийим кечелери көрсөтүлөт. Ал эми бул көргөзмө Жапон менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына байланыштуу. Көргөзмөнүн ачуу аземине Жапон өлкөсүнүн Кыргызстандагы иштерине убактылуу ишенимдүү өкүл Касай Тацухико, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин деректири Майрам Юсупова жана Адам мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү Кыргыз-Жапон борборунун жетекчиси Хамано Митихиро катышаары күтүлүүдө.(ESu)

XS
SM
MD
LG